3-берене. Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу объектиси
Күчүндө · 04.07.2022 редакциясы · 1-глава
1. Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруунун (мындан ары - ташуучунун жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу) объектиси болуп Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген жүргүнчүлөрдү ташууда алардын өмүрүнө, ден соолугуна жана мүлктөрүнө келтирилген зыянды калыбына келтирүү боюнча ташуучунун милдетине байланыштуу камсыздандыруучунун (ташуучунун) мүлктүк кызыкчылыгы эсептелет.
2. Милдеттүү камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу тобокелчилигине ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн милдеттенмелер боюнча жарандык жоопкерчиликтин келип чыгышы кирет, ага төмөнкүлөрдүн натыйжасында келип чыккан жоопкерчиликтер кирбейт:
1) ташуучу менен эмгектик же жарандык-укуктук мамилелерге ылайык жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча кызматтык милдетин аткарууда камсыздандырылуучунун өзүнө же анын кызматкерине зыян келгенде;
2) алынбай калган пайданы калыбына келтирүү боюнча милдеттер пайда болгондо, моралдык зыян келтирилгенде;
3) сыноолорго, мелдештерге транспорт каражаттары менен катышып жаткан мезгилде, же атайын бөлүнгөн жайларда үйрөнүү үчүн машина айдоодо, ошондой эле транспорт каражаттарына жүк жүктөөдө, түшүрүүдө, анын ичинде суудан өткөрүүдө адамга же башка адамдын мүлкүнө зыян келтирилгенде;
4) курчап турган жаратылыш чөйрөсүн булгаганда;
5) кызматкерге келтирилген зыянды калыбына келтирүүдө, иш берүүчүнүн чыгымын калыбына келтирүү боюнча милдетин аткарууда;
6) айдоочу (учкуч, оператор, машинист ж.б) тарабынан өзү башкарган транспорттук каражаттарга жана ага чиркемелерге, аларга орнотулган жабдууларга зыян келгенде;
7) төмөндөгүлөрдү кошкондо жүк катары ташылуучу баалуулуктарга зыян келгенде:
- асыл металлдардын уютмасы жана алардан жасалган буюмдар;
- асыл таштар жана зергерлик буюмдар;
- банкноттор жана монеталар;
- облигациялар, төлөм каражаттары жана башка түрдөгү баалуу кагаздар;
- искусство чыгармалары;
- таберик жана сейрек учуроочу буюмдар, коллекциялык нерселер;
- жүрүү документтери, паспорт жана өздүгүн күбөлөндүргөн башка документтер, слайддар, фото сүрөттөр, фото негативдер, фильмдердин көчүрмөлөрү, иш кагаздары, чиймелер, пландар, схемалар, моделдер;
- диний ибадат буюмдары;
- үй жана асыл тукум жаныбарлары, өсүмдүктөр жана үрөндөр.
Ушул бөлүктө көрсөтүлгөн учурларда ташуучунун жарандык жоопкерчилиги келип чыкканда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алар тарабынан келтирилген зыян төлөнүп берилүүгө жатат.
Берененин тексти 04.07.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
3-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202403/st-3" title="3-берене - Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>