# 22-берене. Камсыздандыруучуну камсыздандыруу төлөмдөрүн жүзөгө ашыруудан бошотуунун негиздери

- Документ: [Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202403)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 4-августундагы № 189 "Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 189
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.07.2022
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 22 июля 2021 года № 88 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам небанковского финансового рынка"](https://aqlex.ai/kg/doc/112268)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202403#diff=1179484..1179485>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202403/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3832/edition/1179482/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202403/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.07.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө, 22-берене (04.07.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202403/st-22

---

1. Эгерде камсыздандыруу окуясы төмөндөгүлөрдөн улам келип чыкса. камсыздандыруучу камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөөдөн толугу менен же жарым-жартылай баш тартууга укуктуу:

1) зарыл коргонуу же чукул зарылдык абалында жасалган аракеттерди кошпогондо, пайда табуучунун камсыздандыруу окуясын жасаган же анын болушуна шарт түзгөн атайын аракети болгондо;

2) пайда табуучунун камсыздандыруу окуясы менен себептик байланышка турган аракеттери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте атайын жасалган кылмыш же укук бузуу болуп эсептелсе.

2. Камсыздандыруучунун камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөөдөн баш тартуусуна төмөндөгүлөр да негиз болушу мүмкүн:

1) зыян келтирилишине күнөөлүү адамдан келтирилген чыгымды камсыздандыруучунун төлөтүп алуусу;

2) ушул Мыйзамда каралган учурларды кошпогондо, камсыздандыруучуга камсыздандыруу окуясынын болгондугун билдирбөө же кечиктирип билдирүү.

3. Эгерде ал жүйөлүү себептер менен шартталса жана жабырлануучунун өмүрүнө, ден соолугуна жана мүлкүнө зыян келтирилген камсыздандыруу окуясынын фактысын ырастаган тиешелүү документтер берилсе, камсыздандыруучуга камсыздандыруу окуясынын болгондугун билдирбөө же кечиктирип билдирүү камсыздандыруу төлөмдөрүн жүргүзүүдөн баш тартууга негиз болуп эсептелбейт.

4. Камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөп берүүдөн баш тартууга негиздер болгондо камсыздандыруучу өзүнө берилген талапты алган күндөн тартып отуз күндүн ичинде камсыздандыруу төлөмдөрүн талап кылып кайрылган жакка жазуу жүзүндө камсыздандыруу төлөмдөрүнөн толугу менен же жарым-жартылай баш тартуу тууралу, баш тартуунун жүйөлүү негизин билдирүү менен, кабыл алган чечимди жөнөтүүгө милдеттүү.

5. Эгерде камсыздандыруу окуясы төмөндөгүлөрдүн натыйжасында келип чыкса камсыздандыруучу камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөөнү жүзөгө ашыруудан бошотулат:

1) ядролук жарылуунун, радиациялык же радиоактивдүү булгануулардын таасиринин;

2) согуштук же ал сыяктуу аракеттердин (согуш жарыяланган, жарыяланбаганына карабастан). террордук актылардын, чет мамлекеттердин кол салуусунун, душмандык аракеттеринин жарандык согуштун;

3) козголоңдун, иш таштоонун, локауттун, элдик көтөрүлүшкө, бунтка чейин жеткен жарандык тартипсиздиктердин, жарандык толкундоолордун, аскердик козголоңдун, революциянын, бийликти аскер күчү менен басып алуунун же тартып алуунун, мүлктү конфискациялоонун, реквизициялоонун же мамлекеттештирүүнүн.

6. Камсыздандыруучу ушул беренеде каралгандардан башка негиздер боюнча камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөөдөн баш тартууга укугу жок.

(КР 2021-жылдын 28-июлундагы № 88 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202403/st-21)  
Кийинки берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202403/st-23)
