# 21-берене. Зыян келтирген жакка кайра талап коюу укугу

- Документ: [Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202403)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 4-августундагы № 189 "Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 189
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.07.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202403/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3832/edition/1179482/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202403/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.07.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө, 21-берене (04.07.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202403/st-21

---

1. Камсыздандыруу төлөмдөрүн жүргүзүп жаткан камсыздандыруучу камсыздандырылуучудан төлөнгөн сумманын чегинде кайра талап коюу укугуна төмөндөгүдөй учурларда ээ болот:

1) зарыл коргонуу же чукул зарылдык абалында жасалган аракеттерди кошпогондо, камсыздандыруу окуясынын келип чыгышына же анын болушуна шарт түзүүгө атайылап багытталган аракеттерден кийин жарандык жоопкерчилик келип чыкса;

2) транспорттук каражатты алкоголдук, наркотикалык же токсикоманиялык мас абалында башкаруунун кесепетинен камсыздандырылуучунун жарандык жоопкерчилиги келип чыкса;

3) транспорттук каражатты аны башкарууга укугу болбогон адам башкарса;

4) камсыздандыруу окуясын соттук териштирүүдө транспорттук каражаттын оң эмес абалын билип же билүүгө милдеттүү болуп туруп транспорттук каражатты башкаруунун кесепетинен келип чыккандыгы белгилүү болсо;

5) транспорттук каражатты анын техникалык арналышына туура келбеген башка максатта пайдаланганда;

6) камсыздандырылуучу камсыздандыруу окуясынан келип чыккан зыянды азайтуу боюнча чараларды атайылап көрбөгөндө.

2. Эгерде ушул берененин 1-бөлүгүндө саналып өткөн учурларда келтирилген зыян үчүн транспорттук каражатты анын ээси менен эмгек келишиминин негизинде же аны менен жазуу жүзүндө бүтүм түзбөстөн эле анын катышуусунда пайдаланып жаткан адам күнөөлүү болсо, камсыздандыруучу ушул транспорттук каражаттын ээсине кайра доо коюу укугуна ээ болот.

3. Камсыздандыруу төлөмүн төлөп берген камсыздандыруучуга төлөнүп берилген сумманын чегинде зыян келтирген адамдан камсыздандыруунун негизинде төлөнүп берилген зыян үчүн күнөөлүү жакка карата кайра талап коюу укугу ал төлөп берген сумманын чегинде өтөт.

---

Мурунку берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202403/st-20)  
Кийинки берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202403/st-22)
