# 20-берене. Камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөөнү жүзөгө ашыруунун тартиби

- Документ: [Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202403)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 4-августундагы № 189 "Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 189
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.07.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202403/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3832/edition/1179482/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202403/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.07.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө, 20-берене (04.07.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202403/st-20

---

1. Камсыздандыруучу тарабынан камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөө болгон окуяны камсыздандырылууга жатат деп таанууга чечим кабыл алуу үчүн бардык документтер алынган күндөн баштап отуз күндүн ичинде жүргүзүлөт.

2. Эгерде камсыздандыруу окуясынын болушуна алып келген жагдайдын негизинде жабырлануучунун ден соолугу начарласа (майыптыгы же жогорураак топтогу майыптыгы белгиленсе) же ал өлүмгө учураса, камсыздандыруучу жабырлануучудан (пайда алуучудан) келип түшкөн арыздын жана тиешелүү документтердин негизинде камсыздандыруучу камсыздандыруу төлөмдөрүнүн суммасын ушул Мыйзамда белгиленген тартипте жана өлчөмдө кайра эсептөөгө милдеттүү. Камсыздандыруу төлөмдөрүнүн суммасын кайра эсептөөдө мурда төлөнүп берилген суммалар эсепке алынат.

3. Камсыздандыруу төлөмдөрүн өз убагында жүргүзбөгөндө камсыздандыруучу пайда алуучуга Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде белгиленген тартипте жана өлчөмдө үстөк төлөм төлөп берүүгө милдеттүү.

---

Мурунку берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202403/st-19)  
Кийинки берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202403/st-21)
