20-берене. Камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөөнү жүзөгө ашыруунун тартиби
Күчүндө · 04.07.2022 редакциясы · 5-глава
1. Камсыздандыруучу тарабынан камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөө болгон окуяны камсыздандырылууга жатат деп таанууга чечим кабыл алуу үчүн бардык документтер алынган күндөн баштап отуз күндүн ичинде жүргүзүлөт.
2. Эгерде камсыздандыруу окуясынын болушуна алып келген жагдайдын негизинде жабырлануучунун ден соолугу начарласа (майыптыгы же жогорураак топтогу майыптыгы белгиленсе) же ал өлүмгө учураса, камсыздандыруучу жабырлануучудан (пайда алуучудан) келип түшкөн арыздын жана тиешелүү документтердин негизинде камсыздандыруучу камсыздандыруу төлөмдөрүнүн суммасын ушул Мыйзамда белгиленген тартипте жана өлчөмдө кайра эсептөөгө милдеттүү. Камсыздандыруу төлөмдөрүнүн суммасын кайра эсептөөдө мурда төлөнүп берилген суммалар эсепке алынат.
3. Камсыздандыруу төлөмдөрүн өз убагында жүргүзбөгөндө камсыздандыруучу пайда алуучуга Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде белгиленген тартипте жана өлчөмдө үстөк төлөм төлөп берүүгө милдеттүү.
Берененин тексти 04.07.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
20-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202403/st-20" title="20-берене - Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>