# 19-берене. Камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөп берүүнүн жалпы шарттары

- Документ: [Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202403)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 4-августундагы № 189 "Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 189
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.07.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202403/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3832/edition/1179482/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202403/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.07.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө, 19-берене (04.07.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202403/st-19

---

1. Камсыздандыруучуга камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөө талабын камсыздандырылуучу же пайда табуучу болуп эсептелген башка адам камсыздандыруу төлөмүн төлөтүп алуу үчүн зарыл документтерин тиркөө менен жазуу жүзүндө берет.

2. Камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөө жөнүндө арызга төмөндөгү документтер тиркелет:

1) камсыздандыруу полиси (анын көчүрмөсү);

2) камсыздандыруу окуясынын болгондугун жана жабырлануучуга келтирилген зыяндын өлчөмүн ырастоочу документ;

3) транспортто камсыздандыруу окуясынын болгондугу тууралу камсыздандырылуучу (ташуучу) тарабынан түзүлгөн акт;

4) жүргүнчүгө билет берилген учурда - жүрүү билети же аны алмаштыруучу документ (билетти саткан ведомосттун көчүрмөсү же билеттин ташуучу күбөлөндүргөн дүмүрчөгү) же болбосо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жол-жоболоштурулган күбөлөрдүн көрсөтүүлөрү;

5) убактылуу эмгекке жарамсыздыгынын мөөнөтү жөнүндө саламаттык сактоо уюмдары берген маалымкаттын же жабырлануучуга берилген майыптыкты аныктоо жөнүндө адистештирилген мекемелердин маалымкатынын көчүрмөсү - ал аныкталган учурда;

6) жабырлануучунун өлгөндүгү тууралу күбөлүгүнүн нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү жана жабырлануучу өлгөн учурда пайда алуучунун зыяндын төлөтүп алуу укугун ырастоочу документ (көчүрмөсү);

7) жабырлануучунун жок болгон, жетишпеген же бүлүнгөн (бузулган) мүлктөрүнүн тизмеги - мүлккө зыян келтирилген учурда;

8) камсыздандырылуучу (камсыздандырылган) камсыздандыруу окуясы болгондо зыянды болтурбоо же азайтуу максаттарында тарткан чыгымдарды ырастоочу документтер - алар болсо.

Камсыздандыруучунун камсыздандырылуучудан (камсыздандырылгандан) же жабырлануучудан кошумча документтерди талап кылуусуна жол берилбейт.

3. Документтерди алган камсыздандыруучу көрсөтүлгөн документтерди жана аларды алуу күнүн толук көрсөтүү менен арыз ээсине маалымкат берүүгө милдеттүү.

4. Пайда табуучу жак болуп жабырлануучу (ал өлүп калган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жабырлануучунун өлүмүнө байланыштуу зыянды төлөтүп алууга укугу бар адам), ошондой эле камсыздандырылуучу эсептелет.

5. Жабырлануучунун өмүрүнө, ден соолугуна жана мүлкүнө келтирилген зыян үчүн камсыздандыруу төлөмдөрү, башка камсыздоо келишимдери боюнча ага (зыянды төлөтүп алуу укугуна ээ болгон жакка) төлөнүүчү суммага көз карандысыз түрдө жүргүзүлөт.

6. Жабырлануучунун жазуу жүзүндө берген арызы же нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним каты боюнча камсыздандыруу төлөмү ага ден соолугун жана (же) мүлкүн калыбына келтирүүгө жардам көрсөткөн адамга тикелей төлөнүп берилиши мүмкүн.

7. Камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөөнү жүзөгө ашырууда камсыздандыруучу пайда алуучудан камсыздандыруучуга талап коюу укугун чектөөчү шарттарды кабыл алууну талап кылууга укугу жок.

---

Мурунку берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202403/st-18)  
Кийинки берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202403/st-20)
