18-берене. Камсыздандыруу төлөмүнүн өлчөмүн аныктоо
Күчүндө · 04.07.2022 редакциясы · 5-глава
1. Камсыздандыруучунун жоопкерчилигинин лимити Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
2. Жабырлануучунун өмүрүнө жана ден соолугуна келген зыян, анын өлүмүнө же аныкталган майыптыгына алып келсе, камсыздандыруу төлөмдөрү, ушул берененин 1-бөлүгүндө белгиленген камсыздандыруучунун жоопкерчилигинин чектелген көлөмүнүн өлчөмүндө жүзөгө ашырылат.
3. Камсыздандыруу төлөмүнүн көлөмүн эсептөө үчүн камсыздандыруу төлөмүн жүргүзүү күнүнө карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген эсептик көрсөткүч пайдаланылат.
4. Жабырлануучунун өмүрүнө жана ден соолугуна келтирилген зыян үчүн камсыздандыруу төлөмдөрүн жүргүзүүдө франшиздер колдонулбайт.
5. Камсыздандыруу суммасы келтирилген зыянды толугу менен төлөп берүү үчүн жетишсиз болгондо ташуучу жабырлануучуга камсыздандыруу суммасы менен зыяндын аныкталган суммасынын айырмасын төлөп берет.
6. Жабырлануучу өлүмгө учураганда аны көмүүдө, эгерде мураскору болбосо, камсыздандыруучу өлгөн адамды көмүүгө кеткен чыгымды төлөйт жана ал Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте, ташуучунун жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишиминде көрсөтүлгөн камсыздандыруу суммасынын чегинде жүргүзүлөт.
7. Чыгымдарды болтурбоо же азайтуу максаттарында камсыздандырылуучу (камсыздандырылган) жумшаган чыгымдар, эгерде мындай чыгымдар зарыл болсо же камсыздандыруучунун көрсөтмөлөрүн аткаруу үчүн жүргүзүлсө, тиешелүү чаралар ийгиликсиз болуп калса да камсыздандыруучу тарабынан төлөнүп берилүүгө жатат.
Мындай чыгымдар иш жүзүндөгү өлчөмүндө төлөнүп берилет, мында камсыздандыруу төлөмүнүн жана чыгымдарды компенсациялоонун жалпы суммасы ташуучунун жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишиминде көрсөтүлгөн камсыздандыруу суммасынан ашпоосу керек. Эгерде чыгымдар камсыздандырылуучу тарабынан камсыздандыруучунун көрсөтмөлөрүн аткаруунун натыйжасында болсо, алар камсыздандыруу суммасына көз карандысыз түрдө толук өлчөмдө төлөнүп берилет. Аталган чыгымдар камсыздандыруучу тарабынан аларды тарткан адамга тикелей төлөнүп берилет.
Берененин тексти 04.07.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
18-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202403/st-18" title="18-берене - Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>