# 17-берене. Камсыздандыруу окуясын жана келтирилген зыяндын өлчөмүн аныктоо

- Документ: [Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202403)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 4-августундагы № 189 "Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 189
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.07.2022
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 апреля 2020 года № 45 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об обязательном страховании гражданской ответственности перевозчика опасных грузов", "Об обязательном страховании гражданской ответственности перевозчика перед пассажирами")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112053)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202403#diff=1179483..1179484>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202403/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3832/edition/1179482/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202403/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.07.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө, 17-берене (04.07.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202403/st-17

---

1. Камсыздандыруу окуясы болуп ташуучунун жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу боюнча жүргүнчүлөрдү ташууда алардын өмүрүнө, ден соолугуна жана мүлкүнө келтирилген зыянды төлөп берүү боюнча ташуучунун жарандык жоопкерчилиги келип чыккан учур эсептелет.

2. Жабырлануучунун өмүрүнө, ден соолугуна жана мүлкүнө келтирилген зыян адамдын өлүмүнө, жаракат алышына, оорусуна жана жүргүнчүлөрдүн жүгүнүн (көтөрмө жүгүнүн) жана буюмдарынын толук кыйрашына же жарым-жартылай бузулушуна, ошондой эле уурдалып же жоголуп кетишине байланышкан зыяндын материалдык туюнтулушун камтыйт.

Жабырлануучунун өмүрүнө, ден соолугуна жана мүлкүнө келтирилген зыяндын өлчөмү ушул Мыйзамга ылайык, тиешелүү уюмдар берген документтердин негизинде аныкталат.

3. Камсыздандыруу окуясынын болгондугун, ошондой эле ага келтирилген зыяндын өлчөмүн далилдөө камсыздандырылуучуга тиешелүү.

Жабырлануучунун өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келтирилгени үчүн камсыздандыруу төлөмүнүн өлчөмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгилеген тартипте, жабырлануучунун ден соолугуна келтирилген зыяндын мүнөзүнө жана оордугуна жараша ченемдерге ылайык аныкталат.

4. Камсыздандыруучу же көз карандысыз эксперт тарабынан мүлккө келтирилген зыяндын өлчөмүн баалоонун жыйынтыктары менен макул болбогон учурда камсыздандырылуучу (камсыздандырылган) же жабырлануучу зыяндын өлчөмүн баалоо үчүн башка көз карандысыз экспертке кайрылууга укуктуу. Мында эгерде камсыздандыруучу же сот тарабынан жүргүзүлгөн баалоо негиздүү жана объективдүү деп таанылса, камсыздандырылуучунун (камсыздандырылгандын) же жабырлануучунун буга жумшаган чыгымдары, камсыздандыруу төлөмү төлөнүп берилгендигине карабастан камсыздандыруучу тарабынан төлөнүп берилүүгө жатат.

5. Эгерде камсыздандыруучу же көз карандысыз эксперт тарабынан алар камсыздандыруу учуру келип чыкканы жөнүндө кабарды алгандан кийин жети жумуш күнүнүн ичинде жоготулган, жетишпеген же бүлүнгөн (бузулган) мүлктү зарыл кароодон өткөрүү жүргүзүлбөсө жана камсыздандыруу актысын түзүү менен мүлккө келтирилген зыяндын өлчөмү бааланбаса, анда камсыздандырылуучу (камсыздандырылган) же жабырлануучу көз карандысыз эксперттин кызматынан пайдаланууга жана мүлктү төлөтүп алууну (утилдештирүүнү) баштоого укуктуу. Мында камсыздандыруучу, эгерде ал тарабынан зыян келтирилген (жок кылынган) мүлктү өз учурунда баалоонун мүмкүн болбогонун жүйөлүү себептер менен (ушул мүлктүн ээсинин өлүмү, оорусу) же болбосо камсыздандырылуучунун (камсыздандырылгандын) же жабырлануучунун баалоо үчүн мүлктү көрсөтүүдөн баш тартуусуна байланышкан күнөөсү менен шартталганын далилдей албаса, келтирилген зыяндын өлчөмүн баалоонун жыйынтыктарын талашууга укугу жок.

(КР 2020-жылдын 18-апрелиндеги № 45 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202403/st-16)  
Кийинки берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202403/st-18)
