# 16-берене. Камсыздандыруу сый акысын төлөөнүн тартиби жана мөөнөтү

- Документ: [Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202403)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 4-августундагы № 189 "Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 189
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.07.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202403/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3832/edition/1179482/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202403/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.07.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө, 16-берене (04.07.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202403/st-16

---

1. Камсыздандыруу сый акысын төлөөнүн тартиби жана мөөнөтү ташуучунун жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишиминде белгиленет.

2. Эгерде ташуучунун жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишиминде камсыздандыруу сый акысын мөөнөтүнөн өткөрүп төлөө каралса, анда камсыздандырылуучу тарабынан кезектеги камсыздандыруу акысын төлөбөгөндүк камсыздандыруучунун ушул келишимди мөөнөтүнөн мурда токтотуп коюшуна негиз болуп эсептелбейт.

3. Кезектеги камсыздандыруу акысын убагында төлөбөгөндө камсыздандырылуучу камсыздандыруучуга Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде белгиленген өлчөмдө жана тартипте үстөк төлөмүн төлөп берүүгө милдеттүү.

---

Мурунку берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202403/st-15)  
Кийинки берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202403/st-17)
