# 14-берене. Жабырлануучунун укуктары

- Документ: [Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202403)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 4-августундагы № 189 "Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 189
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.07.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202403/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3832/edition/1179482/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202403/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.07.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө, 14-берене (04.07.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202403/st-14

---

1. Жабырлануучу төмөндөгүлөргө укуктуу:

1) жүргүнчүлөрдү ташууну жүргүзүүнүн натыйжасында камсыздандырылуучу тарабынан камсыздандыруу окуясынын болгондугу тууралуу камсыздандырылуучуга кабарлоого;

2) камсыздандырылуучу менен бирдикте камсыздандыруу төлөмдөрүн жүргүзүүгө керектүү документтерди топтоого жана аларды камсыздандырылуучу менен ташуучунун жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзгөн камсыздандыруучуга берүүгө;

3) келтирилген зыяндын өлчөмүн баалоонун жыйынтыктары жана камсыздандыруу төлөмдөрүнүн өлчөмүнүн эсептери менен таанышууга;

4) ушул Мыйзамда белгиленген өлчөмдө жана тартипте камсыздандыруу төлөмүн алууга;

5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте камсыздандыруучунун камсыздандыруу төлөмдөрүнөн баш тарткандыгы же анын өлчөмүн азайткандыгы жөнүндөгү чечимин талашууга;

6) өзүнө келген зыяндын суммасы өзү алган камсыздандыруу төлөмүнүн суммасынан ашып кеткен учурда, бул айырманы төлөп берүү жөнүндө ташуучуга талап коюуга.

2. Ушул Мыйзамда каралган учурларда жабырлануучунун ушул берененин 1-бөлүгүндө белгиленген укуктары пайда алуучу катары чыккан башка адамдарга өтөт.

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202403/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202403/st-15)
