# 13-берене. Камсыздандыруучунун укуктары жана милдеттери

- Документ: [Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202403)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 4-августундагы № 189 "Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 189
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.07.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202403/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3832/edition/1179482/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202403/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.07.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө, 13-берене (04.07.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202403/st-13

---

1. Камсыздандыруучу төмөндөгүлөргө укуктуу.

1) ташуучунун жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүүдө Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде каралган маалыматтардан сырткары, ушул Мыйзамга ылайык ташуучунун жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишимине киргизүү үчүн керектүү маалыматтарды, анын ичинде ташуучунун жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруунун мурдагы келишимдери, камсыздандыруу окуялары жана камсыздандыруу төлөмдөрү тууралуу маалыматтарды берүүнү камеыздандырылуучудан талап кылууга;

2) тиешелүү мамлекеттик органдардан жана уюмдардан, алардын компетенциясына жараша камсыздандыруу окуясынын болгондугун ырастаган документтерди суроого;

3) ушул Мыйзамдын 21-беренесинде каралган учурларда келтирилген зыян үчүн жоопкерчиликтүү адамга кайра талап коюу укугуна;

4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча камсыздандыруу төлөмдөрүн толук же жарым-жартылай төлөөдөн баш тартууга.

Ташуучунун жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишиминде камсыздандыруучунун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка укуктары да каралышы мүмкүн.

2. Камсыздандыруучу төмөндөгүлөргө милдеттүү:

1) ташуучунун жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруунун шарттары менен камсыздандырылуучуну тааныштырууга, ташуучунун жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишиминен келип чыккан анын укуктарын жана милдеттерин түшүндүрүүгө;

2) ташуучунун жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишими түзүлгөндө камсыздандырылуучуга камсыздандыруу полисин берүүгө;

3) камсыздандыруу окуясы болгондугу тууралу билдирүү алганда кечиктирбестен аны каттоого;

4) камсыздандыруу окуясы болгондугу тууралуу билдирүү алган учурдан тартып жети жумуш күнүнүн ичинде камсыздандырылуучунун же анын өкүлүнүн арызы боюнча келтирилген зыяндын өлчөмүнө баа берүү менен камсыздандыруу актысын түзүп, аны менен камсыздандырылуучуну жана/же пайда көрүүчүнү тааныштырууга;

5) камсыздандыруунун окуясы болгондо ушул Мыйзамда белгиленген өлчөмдө, тартипте жана мөөнөттө камсыздандыруу төлөмүн жүргүзүүгө;

6) камсыздандыруунун купуялуулугун сактоого:

7) камсыздандырылуучуга (камсыздандырылганга) камсыздандыруу окуясы болгондо чыгымдарды болтурбоо же азайтуу максатында алар жумшаган чыгымдардын ордун толтурууга.

Ташуучунун жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишиминде камсыздандыруучунун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка милдеттери да каралышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202403/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202403/st-14)
