# 12-берене. Камсыздандыруунун укуктары жана милдеттери

- Документ: [Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202403)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 4-августундагы № 189 "Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 189
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.07.2022
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 апреля 2020 года № 45 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об обязательном страховании гражданской ответственности перевозчика опасных грузов", "Об обязательном страховании гражданской ответственности перевозчика перед пассажирами")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112053)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202403#diff=1179483..1179484>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202403/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3832/edition/1179482/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202403/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.07.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө, 12-берене (04.07.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202403/st-12

---

1. Камсыздандырылуучу төмөнкүлөргө укуктуу:

1) камсыздандыруучудан ташуучунун жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча өзүнүн милдеттерин жана укугун, ташуучунун жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруунун шарттарын түшүндүрүүнү талап кылууга;

2) камсыздандыруу полиси жоголуп кеткен учурда анын дубликатын алууга;

3) жабырлануучунун ден соолугуна келтирилген залалдын өлчөмүн баалоо үчүн көз карандысыз эксперттин кызматынан пайдаланууга;

4) камсыздандыруучу, көз карандысыз эксперт тарабынан жүргүзүлгөн келтирилген зыяндын өлчөмүн баалоонун жыйынтыктары, камсыздандыруу төлөмдөрүнүн эсептери менен таанышууга;

5) ташуучунун жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишимин мөөнөтүнөн мурда токтотууга;

6) камсыздандыруу төлөмдөрүн жүргүзүүдөн баш тартканда же анын өлчөмүн азайтканда камсыздандыруучунун чечимин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте талашууга;

7) ушул Мыйзамда каралган жагдайларда камсыздандыруу төлөмүн алууга.

Ташуучунун жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишиминде камсыздандырылуучунун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка укуктары да каралышы мүмкүн.

2. Камсыздандырылуучу төмөндөгүлөргө милдеттүү:

1) ташуучунун жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүүдө ушул Мыйзамга ылайык ташуучунун жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишимине киргизүү үчүн керектүү маалыматтарды камсыздандыруучуга берүүгө;

2) ташуучунун жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишиминде белгиленген өлчөмдө, тартипте жана мөөнөттө камсыздандыруу сый акысын төлөөгө;

3) түшүнүктүү ыкма (ооз эки, жазуу) менен камсыздандыруу окуясынын болушу тууралу өзүнө белгилүү болгон күндөн тартып токтоосуз, бирок үч жумуш күнүнөн кечиктирбестен камсыздандыруучуга билдирүүгө. Оозеки формадагы билдирүүдөн кийин (жетимиш эки сааттын ичинде) жазуу жүзүндө ырасталышы керек. Эгерде камсыздандырылуучунун жүйөлүү себептер менен көрсөтүлгөн аракеттерди аткарууга мүмкүнчүлүгү болбосо, ал аны документ түрүндө ырасташы керек;

4) камсыздандыруу окуясы болгон мезгилде түзүлгөн кырдаалда мүмкүн болгон зыянды болтурбоо же аны азайтуу, анын ичинде жабырлануучу адамдарга жардам көрсөтүү үчүн акыл-эстүү, жеткиликтүү чараларды кабыл алууга;

5) компетенциясына жараша камсыздандыруу окуясы жана жабыркаган адамдар жөнүндө тиешелүү органдарга (МАИ, өрт өчүрүү кызматы, медициналык тез жардам кызматы, авариялык кызмат) билдирүүгө;

6) камсыздандыруу окуясы боюнча акт түзүүгө.

7) камсыздандыруу окуясынын болушу үчүн жооптуу адамдан кайра талап коюу укугунун камсыздандыруучуга өтүүсүн камсыз кылууга.

8) жүргүнчүлөрдү ташууга чейин камсыздандыруу келишимин түзүүгө.

Ташуучунун жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишиминде камсыздандырылуучунун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка милдеттери да каралышы мүмкүн.

3. Камсыздандыруу окуясы болгон кезде транспорттук каражатты башкарган адамга камсыздандырылуучунун ушул берененин 2-бөлүгүнүн 4-, 5жана 7-бөлүктөрүндө белгиленген милдеттери жүктөлөт.

(КР 2020-жылдын 18-апрелиндеги № 45 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202403/st-11)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202403/st-13)
