# 11-берене. Ташуучунун жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишимин мөөнөтүнөн мурда токтотуу

- Документ: [Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202403)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 4-августундагы № 189 "Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 189
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.07.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202403/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3832/edition/1179482/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202403/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.07.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө, 11-берене (04.07.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202403/st-11

---

1. Камсыздандыруу келишими белгиленген мөөнөтү бүткөнчөктү, эгерде ал күчүнө киргенден кийин камсыздандыруу окуясы болбой калса жана камсыздандыруу тобокелдиги камсыздандыруу окуясы эмес башкача жагдайлар боюнча токтоп калган учурда токтотулат.

Мындай жагдайларга жарандык жоопкерчилик тобокелчилиги камсыздандырылган жаранды аракетке жарамсыз же жарамдуулугу чектелген деп табуу кирет.

2. Камсыздандыруу келишими, ушул Мыйзамдын 16-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, белгиленген мөөнөттө кезектеги камсыздандыруу акысын төлөбөгөндө белгиленген мөөнөттө мөөнөтү бүтө электе токтотулат.

3. Камсыздандырылуучу (пайда табуучу), эгерде баш тартуу учуруна карата камсыздандыруу окуясы жокко чыкпаса, ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жагдайлар боюнча камсыздандыруу келишиминен баш тартууга укуктуу.

4. Ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн жагдайлар боюнча камсыздандыруу келишими мөөнөтүнөн мурда токтотулганда, камсыздандыруучу камсыздандыруу колдонууда болгон убакытка пропорциялуу түрдө камсыздандыруу сый акысынын бөлүгүнө укугу бар жана камсыздандыруу сый акысынын ашык алынган бөлүгүн кайтарып берүүгө милдеттүү.

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202403/st-10)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202403/st-12)
