# 10-берене. Ташуучунун жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишиминин колдонулушу

- Документ: [Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202403)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 4-августундагы № 189 "Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 189
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.07.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202403/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3832/edition/1179482/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202403/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.07.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө, 10-берене (04.07.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202403/st-10

---

1. Ташуучунун жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишими ушул Мыйзамга ылайык жабырлануучу деп табылган бардык адамдарга карата колдонулат.

2. Ташуучунун жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишими, эгерде ташуучунун жоопкерчилиги милдеттүү камсыздандыруу келишиминде башкача каралбаса, камсыздандыруучу камсыздандыруу сый акыны төлөп баштаган мезгилден, ал эми аны бөлүп-бөлүп төлөөдө биринчи камсыздандыруу акысын төлөгөндөн баштап күчүнө кирет жана тараптар үчүн милдеттүү болуп калат.

3. Ташуучунун жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишими, ушул берененин 4-бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, ал күчүнө кирген күндөн баштап он эки айлык мөөнөткө түзүлөт.

Ташуучунун жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишими камсыздандыруунун бардык мөөнөтүндө колдонулат жана биринчи камсыздандыруу окуясы болгон учурда өзүнүн колдонулушун токтотпойт.

4. Эгерде ташуучунун жүргүнчүлөрдү ташуу укугу он эки айга жетпеген мезгилде бүтө турган болсо, анда ташуучунун жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишими ошол мөөнөткө түзүлөт.

5. Ташуучунун жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишиминин колдонулушу, эгерде Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, Кыргыз Республикасынын аймагы менен гана чектелет.

---

Мурунку берене: [91-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202403/st-91)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202403/st-11)
