# 1-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр

- Документ: [Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202403)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 4-августундагы № 189 "Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 189
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.07.2022
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 апреля 2020 года № 45 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об обязательном страховании гражданской ответственности перевозчика опасных грузов", "Об обязательном страховании гражданской ответственности перевозчика перед пассажирами")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112053)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 18.04.2020 [Закон КР от 18 апреля 2020 года № 45 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об обязательном страховании гражданской ответственности перевозчика опасных грузов", "Об обязательном страховании гражданской ответственности перевозчика перед пассажирами")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112053); 22.03.2016 [Закон КР от 22 марта 2016 года № 24 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в части осуществления лицензирования"](https://aqlex.ai/kg/doc/111303)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202403#diff=1179483..1179484>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202403/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3832/edition/1179482/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202403/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.07.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө, 1-берене (04.07.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202403/st-1

---

Ушул Мыйзамда төмөндөгүдөй негизги түшүнүктөр пайдаланылат: камсыздандырылуучу - камсыздандыруучу уюм (камсыздандыруучу) менен камсыздандыруу келишимин түзгөн жаран же юридикалык жак; камсыздандыруучу - камсыздандыруунун тиешелүү түрүн жүргүзүүгө лицензиясы бар жана коммерциялык уюм болуп эсептелген юридикалык жак (камсыздандыруу уюму); камсыздандыруу сый акысы - камсыздандыруу келишими менен бекемделген тартипте жана мөөнөттө, камсыздандырылуучу камсыздандыруучуга милдеттүү түрдө төлөп бере турган келишимде көрсөтүлгөн төлөм; камсыздандыруу тарифи - камсыздандыруу келишими боюнча төлөп берүүгө жаткан, камсыздандыруу сый акысынын көлөмүн аныктоодо колдонулуучу жана камсыздандыруучу тарабынан иштелип чыккан тарифтер; камсыздандыруу суммасы - анын чегинде камсыздандыруу мүлктүк келишим боюнча камсыздандыруу төлөмүн төлөп берүүгө милдеттенген же ал жеке камсыздандыруу келишими боюнча төлөп берүүгө милдеттенген сумма; камсыздандыруу төлөмү - камсыздандыруу окуясы пайда болгон мезгилде зыянды жабууда камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруучу төлөп берүүчү сумма; камсыздандыруу окуясы - камсыздандырылуучуга камсыздандырылган жакка же пайда алуучуга камсыздандыруу төлөмдөрүн жүргүзүүгө камсыздандыруучунун милдетинин мыйзамда же камсыздандыруу келишиминде көрсөтүлгөн окуянын болушу; камсыздандыруу тобокелчилиги - башталганда же болгондо камсыздандыруу жүргүзүлөт деп болжолдонгон окуя; камсыздандыруу акылары - камсыздандыруу келишиминин шарттарына ылайык камсыздандырылуучу камсыздандыруучуга мезгил-мезгили менен төлөп туруучу камсыздандыруу сый акысы; камсыздандыруу резерви - камсыздандыруунун түрлөрү боюнча алынган камсыздандыруу акыларынан камсыздандыруучу тарабынан алардын камсыздандыруу милдеттемелерин аткарууну камсыз кылуу максатында түзүлгөн атайын акчалай фонддор; пайда табуучу - жабырлануучу жана (же) өлгөн учурда жабырлануучу жеке жактын мураскору же болбосо юридикалык жак кайра уюштурулган учурда камсыздандыруу төлөмдөрүн алууга укугу бар анын мыйзамдуу укуктук мураскору болуп саналган жак; кайра камсыздандыруу - аны менен түзүлгөн кайра камсыздандыруу келишими боюнча башка камсыздандыруучу камсыздандыруу төлөмүн төлөө тобокелдигинин бөлүгүн же толугу менен камсыздандыруу. Мында кайра камсыздандыруу келишимин түзгөн камсыздандыруучу камсыздандыруу келишими (негизги келишим) боюнча кайра камсыздандыруу келишиминде камсыздандырылуучу болуп эсептелет; кош камсыздандыруу - бир эле мүлктү эки же андан ашык камсыздандыруучулардын камсыздандыруусу; чогуу камсыздандыруу - бир объектини бир нече камсыздандыруучу бирдикте бир эле келишим боюнча камсыздандыруусу; франшиза - тиешелүү өлчөмдөн ашпаган зыянды калыбына келтирүүдөн камсыздандыруучуну бошотуу; жоопкерчиликтин лимити - бир камсыздандыруу окуясы боюнча камсыздандыруучу тарабынан камсыздандыруу төлөмүн төлөп берүүнүн эң жогорку өлчөмү; ташуучу - менчик укугунда же башка мыйзамдуу негизде темир жол, суу, аба, автомобиль транспорту каражатына ээ болгон жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жалдануу боюнча же акыга аларды жана алардын мүлкүн ташууга укугу бар жеке же юридикалык жак; жүргүнчү - өзүнүн же анын атынан түзүлгөн ташуу келишимин аткаруу үчүн ташуучу тарабынан акыга ташылуучу жеке жак; жабырлануучу - ташууда өмүрүнө, ден соолугуна, мүлкүнө залал келтирилген жүргүнчү. Жүргүнчү менен бирге жүргөн балдар, ташууда алардын өмүрүнө жана (же) ден соолугуна залал келтирилсе алар дагы жүргүнчү деп таанылган-таанылбаганына карабастан, ошондой эле жабырлануучу деп таанылат; жүк - жүргүнчүдөн бөлөк жайгаштырылган, жүргүнчү транспорт ишканасына тапшырган жана эреже катары жүргүнчүлөрдү ташуучу транспорт каражаттарынын атайын жүк бөлүмүндө, жүк салынуучу автобус чиркемелеринде же жүк ташуучу автомобилдерде ташылган, ошондой эле жүргүнчүлөр тарабынан автовокзалдын (автобекеттин) сактоочу жайына тапшырылган буюмдар; көтөрмө жүк - жүргүнчү акы төлөбөй алып жүрүүчү, ташуу үчүн таңгакталган буюмдар; маршрут - белгилүү пункттардын ортосунда транспорт каражаты жүрүүчү белгиленген жол; каттам (рейс) - маршруттун башталышынан акыркы пунктуна чейинки транспорттук каражаттын жүргөн жолу; ташуу тарифи - жүргүнчүлөрдү жана жүктү ташуунун убакыт жана аралык боюнча акы төлөөнүн белгиленген чоңдугу; транспорттук каражат - жүргүнчүлөрдү жана жүктү ташуу үчүн пайдаланылуучу ар кандай каражат; жүргүнчүлөрдүн өмүрүнө жана ден соолугуна келтирилген зыян - ташуу процессинде пайда болгон камсыздандыруу окуясынын натыйжасында жүргүнчүлөрдүн өлүмү, жаракат алышы же ооруп калышы; жүргүнчүнүн мүлкүнө келтирилген зыян - жүргүнчүнүн өзүндөгү жүгүнүн жана буюмдарынын (көтөрмө жүк) толук кыйрашы же жарым-жартылай бузулушу, ошондой эле уурдалуусу же жоголуусу; ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилиги - жүк ташуучунун Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген жүргүнчүлөрдүн жүгүн ташууда өмүрүнө, ден-соолугуна жана мүлкүнө келтирилген зыянды калыбына келтирүү милдети. (КР 2016-жылдын 22-мартындагы № 24, 2020-жылдын 18-апрелиндеги № 45 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202403/st-2)
