# 8-берене. Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу боюнча укук мамилелеринин субъектилери

- Документ: [Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202402)
- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 4-августундагы № 188 "Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 188
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.07.2022
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 апреля 2020 года № 45 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об обязательном страховании гражданской ответственности перевозчика опасных грузов", "Об обязательном страховании гражданской ответственности перевозчика перед пассажирами")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112053)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202402#diff=1179467..1179468>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202402/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3831/edition/1179466/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202402/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.07.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө, 8-берене (04.07.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202402/st-8

---

1. Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу боюнча укук мамилелеринин субъектилери катары: камсыздандыруучу, камсыздандырылуучулар, жабырлануучулар (пайда табуучулар) чыгышат.

2. Камсыздандыруучу болуп камсыздандыруунун ушул түрүн жүзөгө ашырууга белгиленген тартипте лицензия алган камсыздандыруу уюму эсептелет.

3. Камсыздандырылуучу катары камсыздандыруу уюму менен камсыздандыруу келишимин түзгөн жеке же юридикалык жак (ташуучу) чыгат.

Келишимдин шартына ылайык ташуучунун макулдугу боюнча экспедитор (ташуучунун ордуна) камсыздандырылуучу болушу мүмкүн.

4. Жабырлануучулар (пайда табуучулар) болуп камсыздандыруу келишиминин тарабы болбогон, кооптуу жүктөрдү ташуу учурунда камсыздандыруу окуясы болгондо камсыздандыруу төлөмү төлөнүп берилүүгө жаткан зыян келтирилген юридикалык жана жеке жактар, ошондой эле алардын укугун мурастоочулар жана мураскорлору саналат.

(КР 2020-жылдын 18-апрелиндеги № 45 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202402/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202402/st-9)
