# 7-берене. Ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзбөстөн кооптуу жүктөрдү ташууга жол берилбестиги

- Документ: [Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202402)
- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 4-августундагы № 188 "Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 188
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.07.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202402/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3831/edition/1179466/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202402/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.07.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө, 7-берене (04.07.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202402/st-7

---

1. Ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзбөгөн ташуучунун кооптуу жүктөрдү ташуусуна тыюу салынат.

2. Эл аралык жүк ташууларды жүзөгө ашырган ташуучу Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык, кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүүгө милдеттүү.

3. Кооптуу жүктөр ташылган транспорт каражатын башкарган (айдаган) адам кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу полисин (ырасталган көчүрмөсүн) алып жүрүүгө жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык текшерүүгө ыйгарым укугу бар адамдарга көрсөтүүгө милдеттүү.

4. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жагындагы көзөмөл кылуу жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, темиржол, ички суу жана аба транспортторун эксплуатациялоого карата транспорт жана коммуникация жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин камсыздандыруу келишими болгондо гана кооптуу жүктөрдү ташууга уруксат берүүсү (жол коюусу) керек.

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202402/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202402/st-8)
