7-берене. Ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзбөстөн кооптуу жүктөрдү ташууга жол берилбестиги
Күчүндө · 04.07.2022 редакциясы
1. Ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзбөгөн ташуучунун кооптуу жүктөрдү ташуусуна тыюу салынат.
2. Эл аралык жүк ташууларды жүзөгө ашырган ташуучу Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык, кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүүгө милдеттүү.
3. Кооптуу жүктөр ташылган транспорт каражатын башкарган (айдаган) адам кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу полисин (ырасталган көчүрмөсүн) алып жүрүүгө жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык текшерүүгө ыйгарым укугу бар адамдарга көрсөтүүгө милдеттүү.
4. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жагындагы көзөмөл кылуу жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, темиржол, ички суу жана аба транспортторун эксплуатациялоого карата транспорт жана коммуникация жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин камсыздандыруу келишими болгондо гана кооптуу жүктөрдү ташууга уруксат берүүсү (жол коюусу) керек.
Берененин тексти 04.07.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
7-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202402/st-7" title="7-берене - Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>