# 6-берене. Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик көзөмөл

- Документ: [Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202402)
- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 4-августундагы № 188 "Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 188
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.07.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202402/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3831/edition/1179466/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202402/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.07.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө, 6-берене (04.07.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202402/st-6

---

1. Камсыздандыруу иш-аракетине мамлекеттик көзөмөл Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык камсыздандыруу көзөмөлү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик башкаруу органы тарабынан жүзөгө ашырылат.

2. Мамлекеттик контролдоо кооптуу жүктү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу боюнча компетенциясына жараша төмөндөгү органдарга жүктөлөт:

жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жагындагы көзөмөл кылуу жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга; темиржол, ички суу жана аба транспортторун эксплуатациялоого карата транспорт жана коммуникация жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга.

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202402/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202402/st-7)
