# 19-берене. Маалыматтык өз ара аракеттешүү

- Документ: [Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202402)
- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 4-августундагы № 188 "Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 188
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.07.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202402/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3831/edition/1179466/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202402/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.07.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө, 19-берене (04.07.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202402/st-19

---

1. Жол кыймылынын коопсуздугу жагында көзөмөлдү жана контролду жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдар, темиржол, ички суу жана аба транспортун эксплуатациялоого карата транспорт жана коммуникациялар жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар кооптуу жүк менен болгон инциденттин катышуучуларына камсыздандыруу окуясынын болгондугунун фактысын ырастаган документтерди, анын ичинде кырсыктын схемасы тиркелген протоколдун көчүрмөсүн бирден нускада акысыз берет.

2. Жол кыймылынын коопсуздугу жагында көзөмөлдү жана контролду жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдар, темиржол, ички суу жана аба транспортун эксплуатациялоого карата транспорт жана коммуникациялар жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, прокуратура органдары, соттор, саламаттык сактоо уюмдары, кооптуу жүк менен инцидент жана анын кесепеттери тууралуу маалыматтарга ээ болгон башка мамлекеттик органдар жана уюмдар камсыздандыруучу кайрылганда бул маалыматтарды ага акысыз берүүгө милдеттүү.

3. Жол кыймылынын коопсуздугу жагында көзөмөлдү жана контролду жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдар, темиржол, ички суу жана аба транспортун эксплуатациялоого карата транспорт жана коммуникациялар жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар кооптуу жүк менен инцидент тууралу тийиштүү камсыздандыруучуну кабардар кылат.

Камсыздандыруу окуясы жөнүндө камсыздандыруучуга ар кандай жактар билдирүүгө укуктуу.

---

Мурунку берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202402/st-18)  
Кийинки берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202402/st-20)
