19-берене. Маалыматтык өз ара аракеттешүү
Күчүндө · 04.07.2022 редакциясы
1. Жол кыймылынын коопсуздугу жагында көзөмөлдү жана контролду жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдар, темиржол, ички суу жана аба транспортун эксплуатациялоого карата транспорт жана коммуникациялар жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар кооптуу жүк менен болгон инциденттин катышуучуларына камсыздандыруу окуясынын болгондугунун фактысын ырастаган документтерди, анын ичинде кырсыктын схемасы тиркелген протоколдун көчүрмөсүн бирден нускада акысыз берет.
2. Жол кыймылынын коопсуздугу жагында көзөмөлдү жана контролду жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдар, темиржол, ички суу жана аба транспортун эксплуатациялоого карата транспорт жана коммуникациялар жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, прокуратура органдары, соттор, саламаттык сактоо уюмдары, кооптуу жүк менен инцидент жана анын кесепеттери тууралуу маалыматтарга ээ болгон башка мамлекеттик органдар жана уюмдар камсыздандыруучу кайрылганда бул маалыматтарды ага акысыз берүүгө милдеттүү.
3. Жол кыймылынын коопсуздугу жагында көзөмөлдү жана контролду жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдар, темиржол, ички суу жана аба транспортун эксплуатациялоого карата транспорт жана коммуникациялар жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар кооптуу жүк менен инцидент тууралу тийиштүү камсыздандыруучуну кабардар кылат.
Камсыздандыруу окуясы жөнүндө камсыздандыруучуга ар кандай жактар билдирүүгө укуктуу.
Берененин тексти 04.07.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
19-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202402/st-19" title="19-берене - Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>