# 18-берене. Камсыздандыруучуну камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөп берүүдөн бошотуунун негиздери

- Документ: [Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202402)
- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 4-августундагы № 188 "Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 188
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.07.2022
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 22 июля 2021 года № 88 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам небанковского финансового рынка"](https://aqlex.ai/kg/doc/112268)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 28.07.2021 [Закон КР от 22 июля 2021 года № 88 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам небанковского финансового рынка"](https://aqlex.ai/kg/doc/112268); 18.04.2020 [Закон КР от 18 апреля 2020 года № 45 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об обязательном страховании гражданской ответственности перевозчика опасных грузов", "Об обязательном страховании гражданской ответственности перевозчика перед пассажирами")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112053)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202402#diff=1179468..1179469>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202402/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3831/edition/1179466/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202402/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.07.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө, 18-берене (04.07.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202402/st-18

---

1. Камсыздандыруу окуясы төмөндөгүлөрдүн натыйжасында келип чыкса камсыздандыруучу камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөп берүүдөн толугу менен же жарым-жартылай баш тартууга укуктуу:

1) зарыл коргонуу жана чукул зарылдык абалында жасалган аракеттерди кошпогондо, пайда табуучунун камсыздандыруу окуясынын келип чыгышына багытталган же болбосо анын болушуна көмөк көрсөткөн атайылаган аракеттеринин; эгерде зыян ал үчүн жоопкерчиликтүү жактын күнөөсү боюнча келтирилсе, камсыздандыруучу камсыздандыруу келишими боюнча өмүргө жана ден-соолукка зыян келтиргендик үчүн жарандык жоопкерчиликти камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу төлөмүн төлөп берүүдөн бошотулбайт.

2) пайда табуучунун камсыздандыруу окуясы менен себептик байланышта турган, Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында белгиленген тартипте кылмыш же укук бузуу деп таанылган аракеттеринин.

2. Камсыздандыруу окуясы төмөндөгүлөрдүн натыйжасында келип чыкса камсыздандыруучу камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөп берүүдөн бошотулат:

1) ядролук жарылуунун, радиациянын же радиоактивдүү булгануунун таасиринин;

2) аскердик же ага окшогон аракеттердин (согуш жарыялангандыгына же жарыяланбагандыгына карабастан), террористтик актылардан, чет мамлекеттердин кол салуусунун, душмандык аракеттеринин, жарандык согуштун;

3) козголоңдун, иш таштоонун, локауттардын, элдик көтөрүлүшкө чейин жеткен жарандык тартипсиздиктердин, бунттардын, жарандык толкундоолордун, аскердик козголоңдун, революциянын, бийликти аскер күчү менен басып алуунун же узурпациялоонун, мүлктү конфискациялоонун, реквизизациялоонун жана мамлекеттештирүүнүн.

3. Камсыздандыруучунун камсыздандыруу төлөмүн төлөп берүүдөн баш тартуусуна төмөндөгүлөр да негиз болушу мүмкүн:

1) камсыздандыруу келишиминде каралган камсыздандыруу суммасынан ашкан зыянды төлөп берүү тууралуу ар кандай талаптар;

2) камсыздандырылуучунун (камсыздандырылган жактын) жана (же) пайда табуучу болуп эсептелген башка жактын зыян келтирилгендиги үчүн күнөөлүү жактан тийиштүү төлөмдү алуусу;

3) камсыздандыруу окуясынын болгондугу тууралу камсыздандыруучуну кабардар кылбай коюу.

31) камсыздандыруучу башка негиздер боюнча камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөп берүүдөн баш тартууга укуксуз.

4. Камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөп берүүдөн баш тартуу жөнүндөгү чечим камсыздандыруучу тарабынан кабыл алынат жана отуз күндүн ичинде камсыздандырылуучуга жана пайда табуучуга баш тартуунун жүйөлөнгөн негиздерин көрсөтүү менен жазуу жүзүндө билдирилет.

5. Камсыздандыруучунун камсыздандыруу төлөмүн төлөп берүүдөн баш тартуусун камсыздандырылуучу жана (же) пайда табуучу болуп эсептелген башка жак сот тартибинде даттана алат.

(КР 2020-жылдын 18-апрелиндеги № 45, 2021-жылдын 28-июлундагы № 88 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202402/st-17)  
Кийинки берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202402/st-19)
