# 17-берене. Зыян келтирген жакка карата кайра талап коюу укугу

- Документ: [Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202402)
- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 4-августундагы № 188 "Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 188
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.07.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202402/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3831/edition/1179466/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202402/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.07.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө, 17-берене (04.07.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202402/st-17

---

1. Камсыздандыруу төлөмүн төлөп берген камсыздандыруучу төлөнүп берилген сумманын чегинде күнөөлүү жакка карата кайра талап коюуга төмөндөгү учурларда укуктуу:

1) камсыздандыруучунун камсыздандыруу окуясынын болушун көздөгөн, атайылап жасаган же болбосо мындай окуянын болушуна көмөк берген аракеттери болгондо;

2) камсыздандыруучу камсыздандыруу окуясы менен себептик байланышта турган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте атайлаган кылмыш же болбосо администрациялык укук бузуу катары таанылган аракеттерди жасаганда;

3) камсыздандырылуучу тарабынан зыяндын өлчөмүн азайтуу боюнча акыл-эстүү жана жеткиликтүү чаралар атайылып көрүлбөгөндүктүн натыйжасында зыяндын өлчөмү көбөйгөндө;

4) камсыздандырылуучу тарабынан камсыздандыруучуга камсыздандыруу объектиси, камсыздандыруу тобокелчилиги, камсыздандыруу окуясы жана анын кесепеттери тууралу билип туруп жалган маалыматтар берилгенде;

5) камсыздандыруу окуясынын болушуна жоопкерчиликтүү жакка карата талап коюу боюнча өз укугунан камсыздандырылуучу баш тартканда, ошондой эле талап коюу укугунун өтүшү үчүн зарыл болгон документтерди камсыздандыруучуга берүүдөн баш тартканда.

2. Келтирилген жана камсыздандыруу келишими боюнча төлөнүп берилген зыян жоопкерчиликтүү жакка карата камсыздандыруучу ээ болгон кайра талап коюу укугу камсыздандыруу төлөмүн төлөп берген камсыздандыруучуга ал төлөгөн сумманын чектеринде өтөт.

3. Камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу төлөмүн төлөп берген камсыздандыруучу ташуучунун кызматтык, кызмат орундук же башка эмгектик милдеттерин бузган жана мунун натыйжасында кооптуу жүк менен инцидент болгон кызматкерлерине карата, алардын атайылап жасалган аракеттерин кошпогондо, кайра талап коюу укугуна ээ эмес.

---

Мурунку берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202402/st-16)  
Кийинки берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202402/st-18)
