# 13-берене. Жабырлануучунун укуктары

- Документ: [Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202402)
- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 4-августундагы № 188 "Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 188
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.07.2022
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 апреля 2020 года № 45 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об обязательном страховании гражданской ответственности перевозчика опасных грузов", "Об обязательном страховании гражданской ответственности перевозчика перед пассажирами")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112053)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202402#diff=1179467..1179468>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202402/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3831/edition/1179466/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202402/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.07.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө, 13-берене (04.07.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202402/st-13

---

1. Жабырлануучулар төмөндөгүлөргө укуктуу:

1) камсыздандырылуучу тарабынан кооптуу жүктү ташууда камсыздандыруу окуясы болгондугу тууралуу камсыздандыруучуга кабарлоого;

2) камсыздандырылуучунун ордуна камсыздандыруу төлөмү үчүн зарыл болгон документтерди чогултууну жүзөгө ашырууга жана аларды камсыздандырылуучу менен камсыздандыруу келишимин түзгөн камсыздандыруучуга берүүгө;

3) ден-соолукка жана (же) мүлккө келген зыяндын өлчөмүнө баа берүү үчүн көз карандысыз эксперттин кызматынан пайдаланууга;

4) келтирилген зыяндын өлчөмүнө баа берүүнүн натыйжалары жана камсыздандыруу төлөмүнүн өлчөмүнүн эсептери менен таанышууга;

5) камсыздандыруу төлөмүн алууга;

6) камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөп берүүдөн баш тартуу же анын өлчөмүн азайтуу жөнүндө камсыздандыруучунун чечимин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте талашууга;

7) келтирилген зыяндын суммасы алынган камсыздандыруу төлөмүнүн суммасынан ашып кеткенде бул айырманы төлөп берүү жөнүндө камсыздандыруучуга талап коюуга.

2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жабырлануучулардын ушул берененин 1-бөлүгүндө белгиленген укуктары башка жактарга (пайда табуучуларга).

(КР 2020-жылдын 18-апрелиндеги № 45 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202402/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202402/st-14)
