# 101-берене. Милдеттүү камсыздандыруу эрежелери

- Документ: [Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202402)
- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 4-августундагы № 188 "Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 188
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.07.2022
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 апреля 2020 года № 45 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об обязательном страховании гражданской ответственности перевозчика опасных грузов", "Об обязательном страховании гражданской ответственности перевозчика перед пассажирами")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112053)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202402#diff=1179467..1179468>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202402/st-101>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3831/edition/1179466/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202402/st-101.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.07.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө, 101-берене (04.07.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202402/st-101

---

1. Тараптардын ушул Мыйзамда аныкталган милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча укуктарын жана милдеттерин ишке ашыруу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү милдеттүү камсыздандыруу эрежелеринде белгиленет,

2. Милдеттүү камсыздандыруу эрежелери башка жоболор менен бирге төмөнкү жоболорду камтыйт:

1) милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүү, өзгөртүү, узартуу, бузуу, токтотуу тартибин;

2) милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүү үчүн зарыл документтердин тизмегин;

3) камсыздандыруу сый акыларын төлөө тартибин;

4) милдеттүү камсыздандырууну жүзөгө ашырууда, анын ичинде камсыздандыруу окуясы болгондо адамдардын аракеттеринин тизмегин;

5) камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөө жөнүндө талаптарды коюу тартибин жана аны төлөө, ошондой эле бир нече пайда табуучунун ортосунда камсыздандыруу төлөмдөрүн бөлүштүрүү тартибин;

6) жабырлануучунун өмүрүнө зыян келтирилген учурда камсыздандыруу төлөмдөрүн алууга укугу бар адамдардын тизмегин;

7) милдеттүү камсыздандыруу боюнча талаштарды чечүү тартибин.

(КР 2020-жылдын 18-апрелиндеги № 45 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202402/st-10)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202402/st-11)
