# 10-берене. Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишими жана аны түзүүнүн тартиби

- Документ: [Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202402)
- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 4-августундагы № 188 "Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 188
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.07.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202402/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3831/edition/1179466/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202402/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.07.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө, 10-берене (04.07.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202402/st-10

---

1. Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу Граждандык кодекске жана ушул Мыйзамга ылайык, камсыздандыруучу менен камсыздандырылуучунун ортосунда түзүлгөн камсыздандыруу келишиминин негизинде жүзөгө ашырылат.

2. Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишиминде (мындан ары - камсыздандыруу келишими) жабырлануучуларга зыян келтирүүнүн натыйжасында келип чыккан милдеттенмелер боюнча камсыздандыруу төлөмүн төлөп берүүнү жүзөгө ашыруу каралат, буга моралдык зыянды, алынбай калган пайданы жана үстөк төлөмдү төлөп берүү кошулбайт.

3. Камсыздандыруу келишими милдеттүү камсыздандыруунун ушул түрү боюнча ишаракетти жүзөгө ашыруу укугуна лицензиясы бар камсыздандыруучу менен гана түзүлүшү керек.

Камсыздандырылуучу камсыздандыруучуну тандоодо эркин болот. Камсыздандыруучу ушул Мыйзамда каралган зарыл документтерди берген, милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүү үчүн кайрылган кандай гана ташуучу болбосун келишимди түзүүдөн баш тартууга укуксуз. Милдеттүү камсыздандыруу келишими ачык келишим болуп саналат.

4. Камсыздандыруу келишими конкреттүү рейске же белгилүү бир мезгил ичинде кооптуу жүктөрдү бардык ташууларга карата түзүлүшү мүмкүн.

5. Камсыздандыруу келишими жазуу жүзүндө, камсыздандыруучу тарабынан камсыздандырылуучуга камсыздандыруу полисин берүү жолу менен түзүлөт. Камсыздандыруу келишимин түзүү үчүн негиз болуп камсыздандырылуучунун арызы саналат. Камсыздандыруу келишиминин орчундуу шарттары болуп бир камсыздандыруу окуясы боюнча камсыздандыруучунун жоопкерчилигинин лимити жана бардык камсыздандыруу окуялары боюнча жоопкерчиликтин жалпы лимити саналат.

6. Камсыздандыруу келишими төмөнкүдөй учурларда токтотулду деп эсептелет:

1) келишимдин колдонулуу мөөнөтү бүткөндө;

2) келишим мөөнөтүнөн мурда токтотулганда;

3) камсыздандыруучу тарабынан камсыздандыруу төлөмүн (камсыздандыруу төлөмдөрүн) төлөп берүү камсыздандыруу келишиминдеги камсыздандыруу суммасынын өлчөмүндө жүзөгө ашырылганда;

4) камсыздандыруу төлөмдөрү камсыздандыруу келишиминде көрсөтүлгөн жоопкерчиликтин жалпы лимитинин чектеринде төлөнүп берилгенде.

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202402/st-9)  
Кийинки берене: [101-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202402/st-101)
