# 8-берене. Гендердик статистика

- Документ: [Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202398)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 4-августундагы № 184 "Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 184
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 17 июля 2026 года № 114 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам гендерного равенства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230048932)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202398#diff=382698..56326>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202398/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/202398/edition/382697/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202398/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө, 8-берене (17.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202398/st-8

---

Мамлекеттик статистика жаатындагы ыйгарым укуктуу орган гендердик көрсөткүчтөрдүн негизинде коомдун жашоосунун бардык чөйрөлөрүндө аялдардын жана эркектердин абалын чагылдыруучу статистикалык маалыматты чогултууну, иштеп чыгууну, топтоону, сактоону, талдоо жүргүзүүнү жана жарыялоону жүзөгө ашырат. Гендердик көрсөткүчтөрдү түзүү төмөнкүлөргө негизделет:

- мамлекеттик статистика жаатындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүзөгө ашырылуучу мамлекеттик статистикалык байкоолорго;

- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын административдик маалыматтарына;

- мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан системалуу түрдө жүзөгө ашырылуучу статистикалык байкоолорго.

Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактардын жетекчилери мамлекеттик статистика жаатындагы ыйгарым укуктуу органга гендердик маселелер, анын ичинде гендердик зомбулуктун жана сексуалдык асылуулардын, аярлуу топторду кошкондо, ченөөлөрү боюнча тиешелүү маалыматты берүүгө милдеттүү. (Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 17-июлундагы № 114 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202398/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202398/st-9)
