# 7-берене. Гендердик саясаттын аткарылышынын мониторинги жана отчеттуулугу

- Документ: [Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202398)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 4-августундагы № 184 "Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 184
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202398/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/202398/edition/382697/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202398/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө, 7-берене (17.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202398/st-7

---

Гендердик саясаттын аткарылышынын мониторинги жана анын ишке ашырылышын баалоо Министрлер Кабинети бекиткен гендердик индикаторлордун негизинде мамлекеттик органдар, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары жана жарандык коом тарабынан жүзөгө ашырылат. Гендердик саясаттын ишке ашырылышынын айкындыгы жогоруда көрсөтүлгөн бардык субъектилери менен камсыз кылынат. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары, Министрлер Кабинети бекиткен тартипте жана атайын тариздердин негизинде гендердик саясатты ишке ашырууга жоопкерчиликтүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга гендердик саясатты ишке ашыруу боюнча жыл сайын отчет берет жана аны жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялайт.

(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 17-июлундагы № 114 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202398/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202398/st-8)
