# 6-берене. Гендердик теңчиликти камсыз кылуу боюнча мамлекеттик саясат

- Документ: [Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202398)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 4-августундагы № 184 "Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 184
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202398/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/202398/edition/382697/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202398/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө, 6-берене (17.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202398/st-6

---

Гендердик теңчиликти камсыз кылуу боюнча мамлекеттик саясат демократиялык принциптерге ылайык жарандык коомдун жана жеке сектордун катышуусу менен мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары тарабынан түзүлөт жана жүзөгө ашырылат. Гендердик теңчиликти камсыз кылуу боюнча мамлекеттик саясаттын негиздери болуп төмөнкүлөр саналат:

- гендердик тең укуктуулукту камсыз кылуу үчүн ченемдик укуктук базаны түзүү, өркүндөтүү жана өнүктүрүү;

- гендердик саясатты жүзөгө ашыруу боюнча институционалдык механизмдерди түзүү;

- гендердик теңчиликке жетишүүгө багытталган мамлекеттик максаттуу программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;

- аялдардын жана эркектердин мүмкүнчүлүктөрүнүн ортосундагы дисбалансты жоюуга багытталган атайын чараларды кабыл алуу;

- өнүктүрүүнүн мамлекеттик, региондук жана жергиликтүү программаларында жана стратегиясында гендердик мамилени интеграциялоо;

- коомду гендердик теңчиликти бузууга багытталган маалыматтан, пропагандадан жана үгүттөн коргоо;

- гендердик теңчиликтин маданиятына тарбиялоо жана аны пропагандалоо;

- эларалык укуктун жалпы таанылган принциптери менен ченемдерин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын гендердик теңчилик маселелерине тийиштүү эларалык милдеттенмелерин аткаруу.

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202398/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202398/st-7)
