# 5-берене. Гендердик басмырлоого тыюу салуу

- Документ: [Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202398)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 4-августундагы № 184 "Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 184
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 17 июля 2026 года № 114 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам гендерного равенства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230048932)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202398#diff=382698..56326>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202398/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/202398/edition/382697/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202398/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө, 5-берене (17.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202398/st-5

---

Ар башка жыныстагы адамдарга карата ишмердиктин кандай гана чөйрөсүндө болбосун тикелей жана кыйыр гендердик басмырлоого тыюу салынат. Гендердик тикелей басмырлоого төмөнкүлөр кирет:

- үйбүлөлүк абалы, кош бойлуулугу, потенциалдуу кош бойлуулугу жана үйбүлөлүк милдеттеринин себептери боюнча басмырлоо;

- сексуалдык асылуу;

- бирдей бааланган эмгек үчүн бирдей эмес эмгек акы төлөө;

Гендердик кыйыр басмырлоого төмөнкүлөр кирет:

- жалпыга маалымдоо каражаттары, билим берүү, маданият аркылуу гендердик стереотиптерди кайрадан жаратуу;

- кандайдыр бир жыныстагы адамдар үчүн залал келтирүү сыяктуу терс кесепеттерге алып келген же алып келе турган шарттарды, талаптарды коюу.

Тикелей же кыйыр басмырлоону жүргүзүп жаткан адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте жоопкерчиликке тартылат. Төмөнкүлөр гендердик басмырлоо деп эсептелбейт:

- кош бойлуулук, бала төрөө жана бала эмизүү иш-милдеттери менен байланышкан мамилелерди жөнгө салууда айырмачылыктарды белгилөө;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда эркектерди гана анык мөөнөттүү аскердик кызматка чакыруу;

- ушул Мыйзамдын негизинде укуктук жөнгө салууга жаткан саясий, экономикалык, эмгектик жана башка социалдык мамилелерде анык теңчиликке жетишүүгө багытталган атайын чараларды кабыл алуу;

- кандай болбосун айырмачылыктарды белгилөө, өзгөчө талаптарга негизделген белгилүү бир жумушка жол бербөө же артыкчылык берүү;

- камакта кармоочу жайларда кармоонун, жаза аткаруунун жана укуктук таасир берүүнүн башка чараларынын тартибин жана шарттарын жөнгө салуудагы айырмачылыктарды белгилөө;

- эркектердин жана аялдардын коомдогу социалдык статусун бекемдөөгө, эркектер жана аялдар үчүн бирдей укуктарды жана мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылууга багытталган позитивдүү чаралар жана аракеттер.

Гендердик теңчиликти жүзөгө ашырууда ушул Мыйзамдын жана эларалык укуктун ченемдеринин талаптарына карама-каршы келген, жөнөкөй укуктун, каада-салттын жана маданияттын ченемдерине негизделген адамдардын жүрүш турушуна жол берилбейт. Кыргыз Республикасы өзүнө гендердик басмырлоонун элементтерин камтыбаган элдик үрп-адаттар жана каада-салттарды колдоого алат.

(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 17-июлундагы № 114 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202398/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202398/st-6)
