30-берене. Гендердик теңчиликти бузуу фактылары боюнча жарандардын кайрылуу тартиби
Күчүндө · 17.07.2026 редакциясы · 6-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 17 июля 2026 года № 114
Гендердик басмырлоого туш болгон адамдар Акыйкатчыга (Омбудсменге), прокуратура органдарына, сот жана башка мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына бир убакта кайрылууга укуктуу. Ушул берененин биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн субъекттер гендердик басмырлоо фактылары жөнүндө кайрылууларды кароону жарандардын кайрылууларын кароо тартибин, көрсөтүлгөн субъекттердин укуктук статусун жана уюштуруу ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө жүзөгө ашырат. Жыныстык белгиси боюнча өзүнө карата басмырлоого, анын ичинде сексуалдык асылууларга жол берилди деп эсептеген адам жалдоочуга даттанууга укуктуу. Жалдоочу мындай даттанууну негизсиз кечиктирбестен кароого, жол-жоболордун купуялуулугун камсыз кылууга жана арыз ээсине жазуу жүзүндө жүйөлүү жооп берүүгө милдеттүү. Арыз ээси даттанууну кароонун жүрүшүндө тааныштырылууга же өзү тандаган адамдан жардам алууга укуктуу. Арыз ээси даттануу бергендигине байланыштуу куугунтуктун кандай болбосун түрүнөн, жагымсыз мамиледен же болбосо башка терс кесепеттерден корголууга тийиш. Даттанууларды кароонун ички жол-жоболорун пайдалануу адамдын компетенттүү мамлекеттик органдарга же сотко кайрылуу укугун чектебейт. Жыныстык белгиси боюнча басмырлоо жөнүндө иштерди кароодо, эгерде арыз ээси тарабынан басмырлоонун болгондугун болжолдоого мүмкүндүк берүүчү фактылар көрсөтүлсө, басмырлоонун жоктугун далилдөө түйшүгү ага карата даттануу каралып жаткан адамга жүктөлөт. (Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 17-июлундагы № 114 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 17.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
30-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР от 17 июля 2026 года № 114 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам гендерного равенства"Редакцияларды салыштыруу
17.07.2026 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…бузуу фактылары боюнча жарандардын кайрылуу тартиби
Гендердик алынып салынды: кодулоого кошулду: басмырлоого туш болгон адамдар алынып салынды: бир учурда Акыйкатчыга (Омбудсменге), прокуратура органдарына, сот жана башка мамлекеттик органдарга, жергиликтүү алынып салынды: өзалдынча кошулду: өз алдынча башкаруу органдарына кошулду: бир убакта кайрылууга укуктуу.
алынып салынды: Аталган кошулду: Ушул берененин биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн субъекттер кошулду: гендердик басмырлоо фактылары жөнүндө кайрылууларды кароону жарандардын кайрылууларын кароо тартибин, көрсөтүлгөн субъекттердин укуктук статусун жана уюштуруу ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында алынып салынды: каралган кошулду: белгиленген тартипте жана алынып салынды: мөөнөттө гендердик басмырлоо фактыларын карап чыгууну кошулду: мөөнөттөрдө жүзөгө ашырат.
кошулду: Жыныстык белгиси боюнча өзүнө карата басмырлоого, анын ичинде сексуалдык асылууларга жол берилди деп эсептеген адам жалдоочуга даттанууга укуктуу. Жалдоочу мындай даттанууну негизсиз кечиктирбестен кароого, жол-жоболордун купуялуулугун камсыз кылууга жана арыз ээсине жазуу жүзүндө жүйөлүү жооп берүүгө милдеттүү. Арыз ээси даттанууну кароонун жүрүшүндө тааныштырылууга же өзү тандаган адамдан жардам алууга укуктуу. Арыз ээси даттануу бергендигине байланыштуу куугунтуктун кандай болбосун түрүнөн, жагымсыз мамиледен же болбосо башка терс кесепеттерден корголууга тийиш.
Даттанууларды кароонун ички жол-жоболорун пайдалануу адамдын компетенттүү мамлекеттик органдарга же сотко кайрылуу укугун чектебейт.
Жыныстык белгиси боюнча басмырлоо жөнүндө иштерди кароодо, эгерде арыз ээси тарабынан басмырлоонун болгондугун болжолдоого мүмкүндүк берүүчү фактылар көрсөтүлсө, басмырлоонун жоктугун далилдөө түйшүгү ага карата даттануу каралып жаткан адамга жүктөлөт.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 17-июлундагы № 114 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202398/st-30" title="30-берене - Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>