# 29-берене. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорунун гендердик экспертизасы

- Документ: [Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202398)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 4-августундагы № 184 "Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 184
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202398/st-29>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/202398/edition/382697/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202398/st-29.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө, 29-берене (17.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202398/st-29

---

Гендердик экспертиза гендердик теңчилик жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана ченемдерине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык келтирүү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана башка ченемдик укуктук актыларында жана алардын долбоорлорунда гендердик теңчиликти бузуу фактыларын изилдөө жапа табуу, ошондой эле иштелип жаткан ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунда гендердик теңчиликти бузуу фактыларына жол бербөө, ар башка жыныстагы адамдарга адамдын жашоо-тиричилигинин саясий, социалдык, экономикалык, эмгектик, маданий жана башка чөйрөлөрүндө бирдей укуктарды жана бирдей мүмкүнчүлүктөрдү берүү принцибин сактоо, эркектерди жана аялдарды жыныстык белгиси боюнча басмырлоодон коргоо максатында жүргүзүлөт. Гендердик экспертиза ченемдик укуктук актыларда белгиленген тартипте мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жарандык коомдун уюмдары тарабынан жүзөгө ашырылат. Ченемдик укуктук актынын же мындай актынын долбоорунун эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктарды жана бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу принцибине дал келбегендиги аныкталган учурда, гендердик экспертизанын корутундусу мындай ченемдик укуктук актыны кабыл алган органга жиберилет. Гендердик экспертиза жүргүзүү тартиби ченемдик укуктук актылар менен белгиленет. (Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 17-июлундагы № 114 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [28-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202398/st-28)  
Кийинки берене: [30-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202398/st-30)
