# 28-берене. Жарандык коомдун гендердик саясатты алга жылдырууга көмөктөшүүгө катышуусу

- Документ: [Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202398)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 4-августундагы № 184 "Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 184
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202398/st-28>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/202398/edition/382697/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202398/st-28.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө, 28-берене (17.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202398/st-28

---

Жарандык коомдун уюмдары:

- гендердик теңчиликти камсыз кылуу маселелери боюнча мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары кабыл алуучу чечимдерди иштеп чыгууга жана жүзөгө ашырууга катышат;

- гендердик теңчилик принциптерин коргоо программалары бар талапкерлерди көрсөтүшөт жана колдошот;

- мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынан гендердик басмырлоону жоюуга багытталган мамлекеттик, регионалдык жана жергиликтүү программаларда белгиленген көлөмдө жана тартипте усулдук, маалыматтык жана башка жардам алууга укуктуу болушат;

- гендердик теңчиликтин бузуу фактыларын каттайт жана гендердик теңчиликти камсыз кылуу чөйрөсүндө мониторинг жүргүзүү үчүн гендердик өнүктүрүү жаатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга маалыматтарды берет;

- ушул Мыйзамдын аткарылышы боюнча мониторингди жүзөгө ашырат.

Жарандык коомдун уюмдары альтернативалуу ачык отчетторду даярдоого укуктуу.

---

Мурунку берене: [27-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202398/st-27)  
Кийинки берене: [29-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202398/st-29)
