28-берене. Жарандык коомдун гендердик саясатты алга жылдырууга көмөктөшүүгө катышуусу
Күчүндө · 17.07.2026 редакциясы · 5-глава
Жарандык коомдун уюмдары:
- гендердик теңчиликти камсыз кылуу маселелери боюнча мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары кабыл алуучу чечимдерди иштеп чыгууга жана жүзөгө ашырууга катышат;
- гендердик теңчилик принциптерин коргоо программалары бар талапкерлерди көрсөтүшөт жана колдошот;
- мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынан гендердик басмырлоону жоюуга багытталган мамлекеттик, регионалдык жана жергиликтүү программаларда белгиленген көлөмдө жана тартипте усулдук, маалыматтык жана башка жардам алууга укуктуу болушат;
- гендердик теңчиликтин бузуу фактыларын каттайт жана гендердик теңчиликти камсыз кылуу чөйрөсүндө мониторинг жүргүзүү үчүн гендердик өнүктүрүү жаатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга маалыматтарды берет;
- ушул Мыйзамдын аткарылышы боюнча мониторингди жүзөгө ашырат.
Жарандык коомдун уюмдары альтернативалуу ачык отчетторду даярдоого укуктуу.
Берененин тексти 17.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
28-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202398/st-28" title="28-берене - Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>