# 26-берене. Гендердик саясат жаатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясы

- Документ: [Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202398)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 4-августундагы № 184 "Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 184
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 17 июля 2026 года № 114 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам гендерного равенства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230048932)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202398#diff=382698..56326>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202398/st-26>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/202398/edition/382697/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202398/st-26.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө, 26-берене (17.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202398/st-26

---

Гендердик саясат жаатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өзүнүн ыйгарым укуктарынын алкагында:

- бирдиктүү мамлекеттик гендердик саясатты жүргүзөт;

- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын жана менчиктин түрүнө карабастан юридикалык жактардын Кыргыз Республикасында гендердик теңчиликке жетишүүгө багытталган улуттук саясатты ишке ашыруу боюнча ишмердикти координациялайт;

- гендердик өнүктүрүү жаатында маалыматтык жана агартуучулук ишмердикти камсыз кылат;

- улуттук саясатка жана мамлекеттик программаларга гендердик индикаторлордун негизинде гендердик мамилелердин киргизилишин камсыз кылат;

- мыйзамдарга жана ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна гендердик экспертиза жүргүзүүгө көмөк көрсөтөт;

- турмуштун бардык социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий чөйрөлөрүндө гендердик теңчиликке жана тең укуктуулукка жетишүүнү камсыз кыла турган механизмдерди түзүүгө көмөктөшөт;

- гендердик теңчиликти бузуулардын бардык фактыларын каттоону жана мындай статистиканы кийин мамлекеттик статистика жаатындагы ыйгарым укуктуу органга жөнөтүү менен эсебин жүргүзөт;

- гендердик теңчиликтин бузулушу жөнүндө талаштарды чечүү боюнча органдардын ишин координациялайт;

- гендердик теңчилик жаатында бул Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын эларалык милдеттенмелеринин аткарылышы боюнча мониторингди системалуу жүзөгө ашырат;

- бул Мыйзамдын аткарылышы жөнүндө жыл сайын отчет түзөт жана аны жарыялайт, мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына сунуштарды жиберет.

(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 17-июлундагы № 114 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202398/st-25)  
Кийинки берене: [27-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202398/st-27)
