# 25-берене. Гендердик теңчиликти камсыз кылуу боюнча Министрлер Кабинетинин компетенциясы

- Документ: [Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202398)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 4-августундагы № 184 "Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 184
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 17 июля 2026 года № 114 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам гендерного равенства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230048932)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 17.07.2026 [Закон КР от 17 июля 2026 года № 114 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам гендерного равенства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230048932); 14.07.2011 [Закон КР от 14 июля 2011 года № 97 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных гарантиях равных прав и равных возможностей для мужчин и женщин""](https://aqlex.ai/kg/doc/203339)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202398#diff=382698..56326>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202398/st-25>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/202398/edition/382697/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202398/st-25.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө, 25-берене (17.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202398/st-25

---

Министрлер Кабинети өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде:

- гендердик саясаттын негизги багыттарын аныктайт;

- эл аралык милдеттенмелерге ылайык, ар кыл социалдык топтор үчүн мыйзамда белгиленген жана бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылууга багытталган гендердик саясатты ишке ашырууну камсыз кылуу боюнча атайын чараларды ишке ашырат;

- Кыргыз Республикасында коомдук турмуштун бардык чөйрөлөрүндө гендердик теңчиликке жетишүүгө багытталган бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгууга катышат жана аны жүргүзүүнү камсыз кылат;

- гендердик тең укуктуулукту жүзөгө ашыруу боюнча республикалык максаттуу программаларды түзөт, алардын аткарылышын камсыз кылат;

- республикалык бюджеттин, бюджеттен тышкаркы булактардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тыюу салбаган башка булактардын эсебинен гендердик теңчилик жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча иш-чараларды каржылайт;

- гендердик теңчиликти коргоо жана камсыз кылуу боюнча мамлекеттик бийликтин аткаруучу органдарынын ишине багыт берет жана контролдук жүргүзөт;

- Кыргыз Республикасынын гендердик теңчилик жаатында иштердин абалы жөнүндө жыл сайын берген отчетту даярдайт.

(КР 2011-жылдын 14-июлундагы № 97, 2026-жылдын 17-июлундагы № 114 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202398/st-24)  
Кийинки берене: [26-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202398/st-26)
