# 24-берене. Гендердик теңчиликти камсыз кылуу боюнча Жогорку Кеңештин компетенциясы

- Документ: [Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202398)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 4-августундагы № 184 "Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 184
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 17 июля 2026 года № 114 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам гендерного равенства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230048932)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 17.07.2026 [Закон КР от 17 июля 2026 года № 114 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам гендерного равенства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230048932); 14.07.2011 [Закон КР от 14 июля 2011 года № 97 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных гарантиях равных прав и равных возможностей для мужчин и женщин""](https://aqlex.ai/kg/doc/203339)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202398#diff=382698..56326>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202398/st-24>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/202398/edition/382697/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202398/st-24.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө, 24-берене (17.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202398/st-24

---

Жогорку Кеңеш мыйзамдарды кабыл алуу жолу менен мамлекеттик жана коомдук турмуштун бардык чөйрөлөрүндө гендердик теңчиликтин мамлекеттик саясатынын укуктук негиздерин түзөт. Жогорку Кеңеш өз компетенциясынын чектеринде бир жыныстагы адамдардын жетимиш пайыздан ашпаган өкүлчүлүгүн эске алуу менен:

- Президенттин сунуштамасы боюнча Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин сунушунун негизинде Конституциялык соттун, Жогорку соттун судьяларын шайлайт;

- Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин курамын бекитет;

- Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын мүчөлөрүн шайлайт;

- Эсептөө палатасынын мүчөлөрүн шайлайт;

- Акыйкатчынын (Омбудсмендин) сунуштамасы боюнча Акыйкатчынын (Омбудсмендин) орун басарларын шайлайт;

(3-бөлүк КР 2011-жылдын 14-июлундагы № 97 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) (КР 2011-жылдын 14-июлундагы № 97, 2026-жылдын 17-июлундагы № 114 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202398/st-23)  
Кийинки берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202398/st-25)
