# 22-берене. Үй-бүлөлүк милдеттерди жана чарбачылык боюнча үй жумуштарын аткаруудагы гендердик теңчилик

- Документ: [Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202398)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 4-августундагы № 184 "Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 184
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 17 июля 2026 года № 114 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам гендерного равенства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230048932)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202398#diff=382698..56326>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202398/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/202398/edition/382697/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202398/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө, 22-берене (17.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202398/st-22

---

Мамлекет чарбачылык боюнча үй жумушун тааныйт. Чарбачылык боюнча үй жумушу үй-бүлө мүчөлөрүнүн ден соолугун, эмгекке жөндөмдүүлүгүн жана руханий керектөөлөрүн калыптандырат, колдойт жана өнүктүрөт. Мамлекет улуттук шарттарга жана мүмкүнчүлүктөргө шайкеш келген бардык чараларды, анын ичинде үй-бүлөлүк милдеттери бар жумушчуларга эмгек ишин баштоого же улантууга, ошондой эле бул милдеттерге байланыштуу жумушта жок болуусунан кийин аны кайра баштоого мүмкүнчүлүк берүүчү кесиптик багыт жана даярдоо жаатындагы чараларды көрөт. Чарбачылык боюнча үй жумушу үй-бүлө мүчөлөрү тарабынан ыктыярдуу негизде аткарылат жана үй-бүлө мүчөлөрүнүн гендердик жана басмырлоонун башка формаларынын ыкмасы катары болбойт жана ар башка жыныстагы адамдар тарабынан бирдей даражада жүзөгө ашырылышы мүмкүн. Жалдоочу үй-бүлөлүк милдеттер эркек жана аял кызматкерлердин экономикалык ишке даярдануу, жетүү, катышуу же илгерилөө мүмкүнчүлүктөрүн чектеген учурда акы төлөнүүчү эмгек менен үй-бүлөлүк милдеттерди аткаруунун ортосунда тең салмактуулукка жетишүүгө багытталган чараларды көрүүгө милдеттүү. Үй-бүлөлүк милдеттер өз алдынча эмгек мамилелерин токтотуу үчүн негиз боло албайт. Эркектер менен аялдар чарбачылык боюнча үй жумушун аткаруу, ошондой эле өздөрүнүн багуусунда турган балдарына, алардын багуусуна жана жардамына анык муктаж болгон үй-бүлө мүчөлөрү болуп саналган башка жакын туугандарына карата үй-бүлөлүк милдеттерин аткаруу боюнча бирдей милдетти аткарат. Үй-бүлөлүк милдеттерди аткаруу эркектерди жана аялдарды экономикалык ишке даярдануу, жетүү, катышуу же илгерилетүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыратпоого тийиш. Мамлекет үй эмгеги боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү чөйрөсүндө жарандык коомду жана жеке секторду колдойт жана кызматташат. (Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 17-июлундагы № 114 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202398/st-21)  
Кийинки берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202398/st-23)
