18-берене. Эмгектик ишмердикти тандап алуу эркиндиги
Күчүндө · 17.07.2026 редакциясы · 4-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 17 июля 2026 года № 114
Белгилүү бир жыныстагы гана адамдар тарабынан аткарылышы мүмкүн болгон өзгөчө иштерди кошпогондо, жалдоочуларга бош орундар жөнүндө кулактандырууларда (жарнамада) ишти аялдарга гана же эркектерге гана сунуш кылууга; ар кандай шарттарды коюуга; ишке орношуп жаткан адамдардан алардын кесиптик сапаттарына тиешеси жок маалыматтарды, анын ичинде алардын жеке жашоосу, балдарынын бар экендиги, бала төрөө пландары же үй-бүлө мүчөлөрүн багуу боюнча милдеттери жөнүндө маалыматтарды берүүнү талап кылууга тыюу салынат. Жалдоочу эмгектик ишмердиктин аргандай чөйрөлөрүндө, ошондой эле кызматкерлердин аргандай категорияларынын арасында аял менен эркектин теңдеш катышына жетишүүгө багытталган позитивдүү аракеттерди жүзөгө ашырууга укуктуу. Бул жобо жалданма эмгекти колдонбой ишмердикти жүргүзгөн ишкерлерге, саны 10 адамдан азыраак юридикалык жактарга жайылтылбайт. Жалдоочу менчигинин түрүнө карабастан иштин шарттары, ар башка жыныстагы адамдар үчүн бирдей болушу үчүн чаралары көрүүгө милдеттүү. Жалдоочуларга бош орундар жөнүндө кулактандырууларда (жарнактарда) белгилүү бир жыныстагы адамдар тарабынан гана аткарыла турган атайын иштерден сырткары аялдарга же эркектерге гана жумуш сунуш кылууга, аргандай шарттарды коюуга, ишке орношуп жаткан адамдардан алардын жеке турмушу, бала төрөөгө карата пландары тууралу маалыматтарды талап кылууга жол берилбейт. Жалдоочу ар башка жыныстагы адамдарга эмгектик ишмердигин үйбүлөлүк милдеттери менен айкалыштыруу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга жана үй-бүлөсүнүн кызыкчылыктарын эске алуу менен алардын жумуш орундарын уюштуруу боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 17-июлундагы № 114 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 17.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
18-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 17 июля 2026 года № 114 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам гендерного равенства"Редакцияларды салыштыруу
17.07.2026 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
Эмгектик ишмердикти тандап алуу эркиндиги
алынып салынды: Жалдоочу өзүнүн ишин жүзөгө ашырууда гендердик өкүлчүлүккө этабы менен жылдырууну камсыз кылышы керек.
кошулду: Белгилүү бир жыныстагы гана адамдар тарабынан аткарылышы мүмкүн болгон өзгөчө иштерди кошпогондо, жалдоочуларга бош орундар жөнүндө кулактандырууларда (жарнамада) ишти аялдарга гана же эркектерге гана сунуш кылууга; ар кандай шарттарды коюуга; ишке орношуп жаткан адамдардан алардын кесиптик сапаттарына тиешеси жок маалыматтарды, анын ичинде алардын жеке жашоосу, балдарынын бар экендиги, бала төрөө пландары же үй-бүлө мүчөлөрүн багуу боюнча милдеттери жөнүндө маалыматтарды берүүнү талап кылууга тыюу салынат.
Жалдоочу эмгектик ишмердиктин аргандай чөйрөлөрүндө, ошондой эле … үйбүлөлүк милдеттери менен айкалыштыруу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга кошулду: жана үй-бүлөсүнүн кызыкчылыктарын эске алуу менен алардын жумуш орундарын уюштуруу боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү.
кошулду: (Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 17-июлундагы № 114 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202398/st-18" title="18-берене - Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>