# 11-берене. Бирдей шайлоо укуктарынын кепилдиктери

- Документ: [Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202398)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 4-августундагы № 184 "Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 184
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202398/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/202398/edition/382697/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202398/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө, 11-берене (17.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202398/st-11

---

Эркектер жана аялдар мамлекет башчысын, жогорку мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын башчыларын шайлоого катышууга бирдей укуктарга ээ. Шайлоо өткөрүлүп жатканда, аялдарга эркектер менен бирдей шайлоого жана мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына шайланууга адилеттүү жана анык мүмкүнчүлүктөр менен камсыз кылынат. Бирдей демократияга жетишүү максатында мамлекет азыраак көрсөтүлгөн талапкерди колдоого багытталган атайын чараларды белгилөөгө укуктуу. Саясий партиялардын шайлоолорго катышуусу талапкерлердин тизмесинде эки жыныстагы адамдардын кепилдүү бирдей өкүлчүлүгүнүн болушун талап кылат. Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укугу жана мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына шайлоолорго даярданууга, катышууга жана өткөрүүгө байланышкан алардын кепилдүү мамилелери, ошондой эле гендердик өкүлчүлүктүн сакталышында саясий партияларга дем берүү жана колдоо чаралары Кыргыз Республикасынын шайлоолор жана партиялар жөнүндө мыйзамдары менен белгиленет.

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202398/st-10)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202398/st-12)
