# 10-берене. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматка кирүүдө гендердик теңчиликтин кепилдиктери

- Документ: [Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202398)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 4-августундагы № 184 "Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 184
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 17 июля 2026 года № 114 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам гендерного равенства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230048932)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202398#diff=382698..56326>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202398/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/202398/edition/382697/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202398/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө, 10-берене (17.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202398/st-10

---

Ар башка жыныстагы адамдар мамлекеттик жана муниципалдык кызматка кирүүдө, кызмат орду боюнча көтөрүлүүдө жана анын органдарында андан ары иш жүргүзүүдө бирдей укуктарга жана бирдей мүмкүнчүлүктөргө ээ. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери ар башка жыныстагы адамдарга алардын жөндөмдүүлүгүнө жана кесиптик даярдыгына ылайык мамлекеттик жана муниципалдык кызматка бирдей жетүүсүн камсыз кылууга милдеттүү. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматчыларынын кадрдык курамында бир жыныстагы кызматчылар басымдуулук кылбашы керек. Мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында квоталаштыруу тутуму (кадрдык курамдагы бир жыныстагы адамдардын жетимиш пайызынан ашык эмес, анын ичинде чечимдерди кабыл алуу деңгээлинде) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен белгиленет. 3 жылдын аралыгында кызмат ордунан көтөрүлбөгөн жана квалификациясын андан ары жогорулатуу максатында окутууга жөнөтүлбөгөн ар башка жыныстагы адамдар мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдын жетекчисинен мындай аракеттердин себептеринин жазуу жүзүндөгү негиздемесин, ошондой эле ал талапкер болуп жаткан кызмат ордуна дайындалган (кабыл алынган, жогорулатылган) же окууга жөнөтүлгөн адамдын тажрыйбасы жана квалификациясы жөнүндө маалыматтарды суроого жана алууга укуктуу. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын бош кызмат орундарын ээлөө кадрлар резервинен мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте камсыз кылынат, ага ар башка жыныстагы адамдар бирдей деңгээлде жана бирдей шарттарда катышат. Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамдарда каралган учурларда бош кызмат орундарын ротация тартибинде ээлөөгө жол берилет. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары гендердик саясатты эске алуу менен кызматчылардын карьералык өсүүсүнө багытталган чаралардын комплексин иштеп чыгышат. Мамлекеттик же муниципалдык кызматка кирүүдө жана аны өтөөдө жынысына жараша кандайдыр бир тикелей же кыйыр түрдөгү чектөөлөрдү же болбосо артыкчылыктарды белгилөөгө, анын ичинде бош кызмат орундарына бир жыныстагы адамдар үчүн гана конкурс жарыялоого жол берилбейт. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын персоналды башкаруу кызматтарына конкурска катышып жаткан адамдардын билими жана кесиптик даярдыгы жөнүндө маалыматтарды гана эмес, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын тиешелүү кызмат орундарында иштеп жаткан эркектердин жана аялдардын сандык катышы жөнүндө маалыматтарды да конкурстук комиссияларга берүү милдети жүктөлөт. Ушундай эле эсепке алууну мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды кызматы боюнча көтөрүү маселелерин чечүүдө мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын персоналды башкаруу кызматтары жүргүзөт. Ушул берене менен белгиленген талаптарды бузуу мыйзамсыз чечимдерди же бош кызмат орундарын ээлөөгө конкурстун натыйжаларын жокко чыгарууга алып келет. Эгерде конкурс боюнча мамлекеттик жарандык же муниципалдык кызматтын бош кызмат ордун ээлөөгө ар башка жыныстагы эки талапкер өтсө, анда бирдей шарттарда көрсөтүлгөн кызмат ордуна ошол органда аз көрсөтүлгөн жыныстагы талапкер кабыл алынууга тийиш. Ушул берененин жоболорун бузгандыгы үчүн күнөөлүү кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке тартылат. (Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 17-июлундагы № 114 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202398/st-9)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202398/st-11)
