# 1-берене. Ушул мыйзамда колдонулган негизги түшүнүктөр

- Документ: [Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202398)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 4-августундагы № 184 "Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 184
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 17 июля 2026 года № 114 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам гендерного равенства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230048932)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202398#diff=382698..56326>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202398/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/202398/edition/382697/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202398/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө, 1-берене (17.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202398/st-1

---

Гендер - ар башка жыныстагы адамдардын ээ болгон, социалдык жактан бекемделген жүрүм-туруму; саясатты, экономиканы, укукту, идеологияны, маданиятты, билим берүүнү жана илимди кошкондо, турмуштун бардык чөйрөлөрүндө көрсөтүлгөн эркектер жана аялдардын ортосундагы мамилелердин социалдык аспектиси. Гендердик басмырлоо (тикелей, кыйыр) - жынысы боюнча адамдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын чектеген аргандай айырмалоо, өзгөчөлөө же артыкчылык берүү; коомдук турмуштун саясий, экономикалык, маданий, жарандык же аргандай башка жааттарында эркектердин жана аялдардын тең укуктуулугун таанууну, пайдаланууну, же жүзөгө ашырууну солгундатууга, же ажыратууга багытталган. Гендердик саясат - ар башка жыныстагы адамдардын ортосундагы өзара мамилелерде теңчиликти орнотууга багытталган мамлекеттик, коомдук иш. Гендердик статистика - социалдык-саясий турмуштун бардык чөйрөлөрүндөгү ар башка жыныстагы адамдардын тийиштүү абалын чагылдырган жана коомдогу гендердик маселелерди жана мамилелерди баяндаган статистика. Гендердик экспертиза - улуттук мыйзамдардын мониторинги жана коомдук укуктук талдоо, ошондой эле аялдар жана эркектер үчүн аларда бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн, укуктардын, милдеттердин, жоопкерчиликтердин, теңөнөктөштүк мамилелердин жана теңчилик натыйжалардын сакталышына ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун баалоо, гендердик басмырлоону болтурбоо. Гендердик өкүлчүлүк - кандайдыр бир уюмдун курамында аргандай жыныстагы адамдардын белгиленген катышта болушу. Гендердик теңчилик - аялдардын жана эркектердин бирдей укуктук статусу жана аны жүзөгө ашыруу үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрү, ал адамдарга жынысына карабастан жашоо-турмуштун саясий, экономикалык, эмгектик, социалдык, коомдук жана маданий чөйрөлөрүнө катышуу үчүн өз жөндөмдүүлүгүн эркин пайдаланууга мүмкүнчүлүк берилиши. Гендердик тең укуктуулук - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жеңилдетүүчү жагдайлардан сырткары ар башка жыныстагы адамдардын мыйзам алдында укуктарынын, милдеттеринин жана жоопкерчиликтеринин теңдиги. Гендердик индикаторлор - белгилүү бир мезгилдин аралыгында коомдо болуп жаткан гендердик-маанилүү өзгөрүүлөрдү жыйынтыктоо үчүн сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдү пайдаланган көрсөткүчтөр же ченегичтер. Гендердик мамилелер - карым-катнаш жүрүмүндө же биргелешкен ишмердигинин аргандай түрлөрүн жүзөгө ашыруу учурунда ар башка жыныстагы адамдардын ортосундагы жүрүм-турумдун жана мамилелердин мүнөзү. Гендердик стереотиптер - тиешелүү мезгилде тиешелүү коом үчүн эркек менен аялдын ортосундагы айырмачылыктар жөнүндө туруктуу түшүнүктөр. Гендердик талдоо - коомдун жана мамлекеттин бардык чөйрөлөрүндө иш жүзүндө болгон же сунушталып жаткан программалар, мыйзамдар, мамлекеттик саясий багыт менен аялдар менен эркектерге көрсөтүлүп жаткан аргандай таасир этүүлөрдү баалоо жүрүмү. Чарба боюнча үй жумушу - үй-бүлөнүн керектөөлөрүн канааттандырууга багытталган, үй-бүлөлүк милдеттердин бир бөлүгү болуп саналган, үй-бүлө мүчөлөрү тарабынан аткарылуучу жумуш. Квоталар - саясий институттарда, эмгек мамилелер чөйрөсүндө жана башка чөйрөлөрдө бардык жыныстагы адамдардын өкүлчүлүктөрүн мыйзамдаштырылган деңгээлде чагылдырган убактылуу атайын чаралардын түрлөрүнүн бири, ал мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарында аялдардын жана эркектердин өкүлчүлүгүнүн теңдештигине жетишилген соң жокко чыгарылышы мүмкүн. Гендердик маселелерге комплекстүү мамиле - аялдар менен эркектердин ортосунда теңсиздикти жоюу үчүн стратегия, анын жардамы менен аялдар жана эркектердин кызыкчылыгы жана тажрыйбасы бардык саясий, экономикалык, эмгектик, социалдык жана башка чөйрөлөрдө мыйзамдарды, саясатты жана программаны түзүүдө, аткарууда, мониторингде жана баалоодо ажырагыс аспектиси болуп калат. Кыйыр гендердик басмырлоо - бардык адамдарга карата бирдей негизде колдонулуучу, бирок иш жүзүндө бир жыныстагы адамдар үчүн ченемдеш болбогон жагымсыз кесепеттерге алып келген жана тиешелүү иштин объективдүү жана ажырагыс талаптары менен шартталбаган кандай болбосун бейтарап кырдаал, ченем, чара, программа же практика. Гендердик тең укуктуулуктун бузулушу - басмырлоо, жек көрүү, ошондой эле адамдын жыныстык таандыгына байланыштуу укуктарын чектөө жана артыкчылык берүү түрүндө чагылдырыла турган активдүү же пассивдүү жүрүм-турум. Гендердик теңчиликтин объектиси - укуктук жөнгө салууга жаткан коомдук, саясий, экономикалык жана башка социалдык мамилелер. Позитивдүү аракеттер - Конституция жана мыйзамдар тарабынан берилген укуктарды жүзөгө ашырууда эркектердин жана аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн теңөөгө багытталган чаралар. Гендердик тикелей басмырлоо - жыныстык таандыгын тикелей билдирүү менен басмырлоо. Бирдей мүмкүнчүлүктөр - гендердик тең укуктуулукка иш жүзүндө жетүү үчүн зарыл болгон каражаттардын жана шарттардын тутуму. Натыйжанын теңдиги - теңчилик концепциясы, ага ылайык аялдарга жана эркектерге бирдей жыйынтыкка жетишүү үчүн аларга аргандай мамиле кылуу экендиги таанылат, анткени алардын жана башкалардын турмуштук шарттары аргандай. Бирдей өнөктөштүк мамилелер - ар башка жыныстагы адамдардын мамлекеттик жана коомдук турмушта бирдей шарттарда кызматташуусу же биргелешкен катышуусу. Сексуалдык асылуу - аялдардын жана эркектердин кадыр-баркын козгогон, алар үчүн жагымсыз, адепсиз жана кемсинтүүчү болуп саналган, сексуалдык мүнөздөгү ар кандай дене бойлук, вербалдык/вербалдык эмес жүрүм-турум түрүндө жана жыныстык белгиси боюнча башка жүрүм-турум түрүндө билдирилген гендердик басмырлоо ошондой эле алар үчүн коркутуучу, кастык же кемсинтүүчү иш чөйрөсүн түзгөн жүрүм-турум; адамдын мындай жүрүм-турумдан баш тартуусу же ага баш ийүүсү бул адамдын жумушуна таасирин тийгизген чечимдерди кабыл алуу үчүн негиз катары ачык же ачык эмес түрдө пайдаланылат. Атайын чаралар - жашоо-турмуштун бир кыйла басмырланган чөйрөсүндөгү жыныстардын бириндеги адамдарды колдоого багытталган уюштуруучулук, мыйзамдык, институционалдык мүнөздөгү чаралар. Атайын чаралар убактылуу мүнөздө болушу мүмкүн.

Гендердик зомбулук жана сексуалдык асылуу - алар коомдук же жеке жашоодо жасалгандыгына карабастан аялдарга жана эркектерге карата дене бойлук, сексуалдык, психологиялык же экономикалык зыянга же азап тартууга алып келген же болбосо алып келүүсү мүмкүн болгон жыныстык белгиси боюнча зомбулук актылары, анын ичинде мындай актыларды жасоо коркунучу, мажбурлоо же эркиндигинен өз алдынча ажыратуу. Эмгек чөйрөсүндөгү зомбулук жана асылуу - гендердик зомбулукту жана сексуалдык асылууну кошкондо, дене бойлук, психологиялык, сексуалдык же экономикалык зыян келтирүү максаты, натыйжасы же мүмкүн болуучу кесепети болуп саналган жүрүм-турумдун жана практиканын алгылыксыз түрлөрү же бир жолу же болбосо системалуу түрдө байкалган мындай коркунучтар. Үй-бүлөлүк милдеттери бар жумушчулар - камкордукка жана жардамга анык муктаж болгон балдарды же башка үй-бүлө мүчөлөрүн багуу боюнча милдеттери бар, мындай милдеттер алардын экономикалык ишке катышуу, илгерилетүү же жетүү мүмкүнчүлүктөрүн чектеген иштөөчү эркектер жана аялдар. (Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 17-июлундагы № 114 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202398/st-2)
