# 7-берене. Азык-түлүк товарлардын сапаты жана коопсуздугу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202397)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 4-августундагы № 183 "Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 183
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 30 июля 2013 года № 175 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203984)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202397#diff=1244329..1244330>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202397/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3826/edition/1244329/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202397/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө, 7-берене (31.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202397/st-7

---

1. Кыргыз Республикасынын аймагында жеке жана юридикалык жактар тарабынан өндүрүлүүчү, ташып келүүчү жана сатылуучу тамак-аш азыктарынын тийиштүү техникалык регламенттер, санитардык, ветеринардык, фитосанитардык ченемдердин жана эрежелердин, ошондой эле Кыргыз Республикасында колдонулуучу башка ченемдик укуктук актылардын талаптарына ылайык келиши керек.

2. Тамак-аш азыктарынын коопсуздугуна жана сапатына мамлекеттик көзөмөл аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы өзүнүн компетенциясынын чегинде жүзөгө ашырат.

3. Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн, алып кирилген жана сатылган тамак-аш продукциялары тиешелүү техникалык регламенттердин милдеттүү талаптарына шайкеш келүүгө тийиш.

(КР 2013-жылдын 30-июлундагы № 175 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202397/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202397/st-8)
