# 4-берене. Тамак-аш азыктарын өндүрүүнү мамлекеттик колдоонун негизги багыттары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202397)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 4-августундагы № 183 "Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 183
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202397/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3826/edition/1244329/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202397/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө, 4-берене (31.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202397/st-4

---

1. Азык-түлүк коопсуздугуна жетишүү Кыргыз Республикасынын агроөнөржай комплексин өнүктүрүү менен камсыздалат. Кыргыз Республикасынын агроөнөржай комплексин өнүктүрүүнүн стратегиялык максаты Кыргыз Республикасынын калкын атамекендик чарбакер субъекттеринин өндүрүшүнүн эсебинен негизги тамак-аш азыктарга болгон керектөөлөрүн камсыз кылуу болуп саналат.

2. Мамлекеттик колдоонун негизги багыттары төмөндөгүлөр болуп саналат:

- айыл чарба өндүрүүчүлөрү тапшырган тамак-аш азыктарына мурдатан жарыяланган баалар боюнча төлөп берүүгө кепилдиктер;

- негизги тамак-аш азыктарын өндүрүүнү дотациялоо;

- айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн материалдык-техникалык базасын чыңдоого багытталган лизингдик ишмердикти өнүктүрүү;

- айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жана жаныбарларынын, асыл тукум ишинин селекциясын жана үрөнчүлүгүн өнүктүрүү, өндүрүш технологиясын өркүндөтүү, тамак-аш азыктарын кайра иштетүү, сактоо жана сарамжалдуу пайдалануу боюнча илимий изилдөө программаларын каржылоо.

---

Мурунку берене: [3-1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202397/st-3-1)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202397/st-5)
