4-берене. Тамак-аш азыктарын өндүрүүнү мамлекеттик колдоонун негизги багыттары
Күчүндө · 31.10.2025 редакциясы
1. Азык-түлүк коопсуздугуна жетишүү Кыргыз Республикасынын агроөнөржай комплексин өнүктүрүү менен камсыздалат. Кыргыз Республикасынын агроөнөржай комплексин өнүктүрүүнүн стратегиялык максаты Кыргыз Республикасынын калкын атамекендик чарбакер субъекттеринин өндүрүшүнүн эсебинен негизги тамак-аш азыктарга болгон керектөөлөрүн камсыз кылуу болуп саналат.
2. Мамлекеттик колдоонун негизги багыттары төмөндөгүлөр болуп саналат:
- айыл чарба өндүрүүчүлөрү тапшырган тамак-аш азыктарына мурдатан жарыяланган баалар боюнча төлөп берүүгө кепилдиктер;
- негизги тамак-аш азыктарын өндүрүүнү дотациялоо;
- айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн материалдык-техникалык базасын чыңдоого багытталган лизингдик ишмердикти өнүктүрүү;
- айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жана жаныбарларынын, асыл тукум ишинин селекциясын жана үрөнчүлүгүн өнүктүрүү, өндүрүш технологиясын өркүндөтүү, тамак-аш азыктарын кайра иштетүү, сактоо жана сарамжалдуу пайдалануу боюнча илимий изилдөө программаларын каржылоо.
Берененин тексти 31.10.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
4-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 10-февралындагы № 76 (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундуларын жактыруу тууралуу)…Распоряжение · 10.02.2023 · № 76
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 17-февралындагы № 179-V "Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышынын жүрүшү тууралуу…Постановление · 17.02.2011 · № 179-V
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 2-августундагы № 397 "Үрөнчүлүктөгү мамлекеттик дотация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомуПостановление · 02.08.2019 · № 397 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202397/st-4" title="4-берене - Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>