# 3-берене. Азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202397)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 4-августундагы № 183 "Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 183
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 31 октября 2025 года № 248 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О продовольственной безопасности Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034352)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202397#diff=1244333..40526>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202397/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3826/edition/1244329/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202397/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө, 3-берене (31.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202397/st-3

---

1. Азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуунун максаты болуп тамак-аш азыктарынын болушуна, жеткиликтүүлүгүнө жана коопсуздугуна негизделген тамак-аш азыктарын керектөөнүн физиологиялык ченемдерине ылайык калктын тамак-аш азыктарынын зарыл болгон санына жеткиликтүүлүгү үчүн шарттарды, ошондой эле туура тамактанууга жетишүү үчүн шарттарды түзүү саналат.

2. Азык-түлүк коопсуздугу азык-түлүк коопсуздугуна жетишүү боюнча жалпы мамлекеттик жана тармактык программаларды кабыл алуу жана ишке ашыруу, ошондой эле мамлекеттик бийлик органдары тарабынан көрүлүүчү чаралардын комплекси аркылуу төмөнкүдөй жол менен камсыз кылынат:

- Кыргыз Республикасында өндүрүлүүчү, ташып келинүүчү жана сатылуучу тамак-аш азыктарынын жана азык-түлүк чийки затынын сапатын жана адамдын ден соолугунун коопсуздугун техникалык регламенттердин, стандарттардын жана ченемдик укуктук актылардын талаптарына ылайык камсыз кылуу;

- өзгөчө азык-түлүк кырдаалы келип чыккан же анын келип чыгуу коркунучу жаралган учурда калк үчүн, биринчи кезекте, анын социалдык жактан аялуу катмары үчүн негизги тамак-аш азыктарын ыкчам сатып алуу, жеткирүү жана бөлүштүрүү тартибин аныктоо;

- чет өлкөдө өндүрүлгөн тамак-аш азыктарын алмаштыруу жана негизги тамак-аш азыктарын өндүрүүнү көбөйтүү боюнча импортту алмаштырууну уюштуруу.

3. Тамак-аш азыктарынын болушу мамлекеттик материалдык резервдин азык-түлүк тобунун запастарын жаңыртуу жана толуктоо, импорт, азык-түлүк жардамы жана ички жана тышкы жагымсыз факторлордун таасирине карабастан өздүк өндүрүш менен камсыз кылынат.

4. Тамак-аш азыктары алардын накталай бар болушу сыяктуу эле, сатып алуучулук жөндөмдүүлүккө карата да жеткиликтүү болушу керек.

5. Өзгөчө азык-түлүк кырдаалы же болбосо анын коркунучу келип чыкканда Азык-түлүк коопсуздугу жана тамак-аш боюнча кеңештин сунушу боюнча Министрлер Кабинети белгилүү бир мезгилге азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуунун өзгөчө режимин белгилейт.

(КР 2017-жылдын 20-февралындагы № 28, 2023-жылдын 25-январындагы №11 , 2025-жылдын 31-октябрындагы № 248 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202397/st-2)  
Кийинки берене: [3-1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202397/st-3-1)
