# 3-1-берене. Азык-түлүк көз карандысыздыгы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202397)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 4-августундагы № 183 "Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 183
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202397/st-3-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3826/edition/1244329/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө, 3-1-берене (31.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202397/st-3-1

---

1. Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын азык-түлүк көз карандысыздыгын камсыз кылуу боюнча чараларды көрөт.

2. Эгерде республикада негизги тамак-аш азыктарынын жылдык өндүрүшү тамактануунун физиологиялык ченемдерине ылайык тамак-аш азыктарынын мындай түрлөрүнө калктын жылдык керектөөсүнүн 80 пайызынан азын түзсө, Кыргыз Республикасынын азык-түлүк көз карандысыздыгы камсыз кылынбаган болуп эсептелет.

(КР 2025-жылдын 31-октябрындагы № 248 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202397/st-3)  
Кийинки берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202397/st-4)
