3-берене. Азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу
Күчүндө · 31.10.2025 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 31 октября 2025 года № 248
1. Азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуунун максаты болуп тамак-аш азыктарынын болушуна, жеткиликтүүлүгүнө жана коопсуздугуна негизделген тамак-аш азыктарын керектөөнүн физиологиялык ченемдерине ылайык калктын тамак-аш азыктарынын зарыл болгон санына жеткиликтүүлүгү үчүн шарттарды, ошондой эле туура тамактанууга жетишүү үчүн шарттарды түзүү саналат.
2. Азык-түлүк коопсуздугу азык-түлүк коопсуздугуна жетишүү боюнча жалпы мамлекеттик жана тармактык программаларды кабыл алуу жана ишке ашыруу, ошондой эле мамлекеттик бийлик органдары тарабынан көрүлүүчү чаралардын комплекси аркылуу төмөнкүдөй жол менен камсыз кылынат:
- Кыргыз Республикасында өндүрүлүүчү, ташып келинүүчү жана сатылуучу тамак-аш азыктарынын жана азык-түлүк чийки затынын сапатын жана адамдын ден соолугунун коопсуздугун техникалык регламенттердин, стандарттардын жана ченемдик укуктук актылардын талаптарына ылайык камсыз кылуу;
- өзгөчө азык-түлүк кырдаалы келип чыккан же анын келип чыгуу коркунучу жаралган учурда калк үчүн, биринчи кезекте, анын социалдык жактан аялуу катмары үчүн негизги тамак-аш азыктарын ыкчам сатып алуу, жеткирүү жана бөлүштүрүү тартибин аныктоо;
- чет өлкөдө өндүрүлгөн тамак-аш азыктарын алмаштыруу жана негизги тамак-аш азыктарын өндүрүүнү көбөйтүү боюнча импортту алмаштырууну уюштуруу.
3. Тамак-аш азыктарынын болушу мамлекеттик материалдык резервдин азык-түлүк тобунун запастарын жаңыртуу жана толуктоо, импорт, азык-түлүк жардамы жана ички жана тышкы жагымсыз факторлордун таасирине карабастан өздүк өндүрүш менен камсыз кылынат.
4. Тамак-аш азыктары алардын накталай бар болушу сыяктуу эле, сатып алуучулук жөндөмдүүлүккө карата да жеткиликтүү болушу керек.
5. Өзгөчө азык-түлүк кырдаалы же болбосо анын коркунучу келип чыкканда Азык-түлүк коопсуздугу жана тамак-аш боюнча кеңештин сунушу боюнча Министрлер Кабинети белгилүү бир мезгилге азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуунун өзгөчө режимин белгилейт.
(КР 2017-жылдын 20-февралындагы № 28, 2023-жылдын 25-январындагы №11 , 2025-жылдын 31-октябрындагы № 248 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 31.10.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
3-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 17-февралындагы № 179-V "Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышынын жүрүшү тууралуу…Постановление · 17.02.2011 · № 179-V
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августу № 530 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу маселелери жөнүндө…Постановление · 27.08.2024 · № 530
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 15-августундагы № 498 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 334 «Кыргыз…Постановление · 15.08.2025 · № 498
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202397/st-3" title="3-берене - Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>