# 2008-жылдын 4-августундагы № 182 " Камсыздандыруу акыларын кечиктирип жана (же) толук эмес төлөгөндүгү үчүн салынган финансылык санкцияларды жана туумдарды төлөөдөн камсыздандыруу акысын төлөөчүлөрдү бошотуу жөнүндө Камсыздандыруу акыларын кечиктирип жана (же) толук эмес төлөгөндүгү үчүн салынган финансылык санкцияларды жана туумдарды төлөөдөн камсыздандыруу акысын төлөөчүлөрдү бошотуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

- Толук аталышы: 2008-жылдын 4-августундагы № 182 " Камсыздандыруу акыларын кечиктирип жана (же) толук эмес төлөгөндүгү үчүн салынган финансылык санкцияларды жана туумдарды төлөөдөн камсыздандыруу акысын төлөөчүлөрдү бошотуу жөнүндө Камсыздандыруу акыларын кечиктирип жана (же) толук эмес төлөгөндүгү үчүн салынган финансылык санкцияларды жана туумдарды төлөөдөн камсыздандыруу акысын төлөөчүлөрдү бошотуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 182
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 04.08.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202396>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3825/edition/329586/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202396.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: 2008-жылдын 4-августундагы № 182 " Камсыздандыруу акыларын кечиктирип жана (же) толук эмес төлөгөндүгү үчүн салынган финансылык санкцияларды жана туумдарды төлөөдөн камсыздандыруу акысын төлөөчүлөрдү бошотуу жөнүндө Камсыздандыруу акыларын кечиктирип жана (же) толук эмес төлөгөндүгү үчүн салынган финансылык санкцияларды жана туумдарды төлөөдөн камсыздандыруу акысын төлөөчүлөрдү бошотуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (04.08.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202396

---

Бишкек шаары

2008-жылдын 4-августу № 182

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Камсыздандыруу акыларын кечиктирип жана (же) толук эмес

төлөгөндүгү үчүн салынган финансылык санкцияларды жана

туумдарды төлөөдөн камсыздандыруу акысын төлөөчүлөрдү

бошотуу жөнүндө

2008-жылдын 20-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењеши тарабынан кабыл алынган

Ушул Мыйзам мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздан-

дыруу акысын төлөөчүлөрдүн финансы-экономикалык абалын турукташтырууну

жана аларга колдоо көрсөтүүнү, өткөн жылдардагы камсыздандыруу акылары

боюнча карыздарды болушунча толук жоюуга, утурумдук төлөмдөрдү өз уба-

гында төлөөгө карата алардын кызыкдарлыгын жандандырууну, ошондой эле

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетиндеги тењдештикти жак-

шыртууну көздөйт.

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202396/st-1)

2008-жылдын 1-январына карата Кыргыз Республикасынын Социалдык

фондуна камсыздандыруу акыларын төлөө боюнча карызы бар жана 2008-жыл-

дын 1-январынан тартып камсыздандыруу акылары боюнча утурумдук төлөм-

дөрдү өз убагында жана толук жүргүзүп жаткан мамлекеттик камсыздандыруу

боюнча камсыздандыруу акысын төлөөчүлөргө камсыздандыруу акыларын ке-

чиктирип жана (же) толук эмес төлөгөндүгү үчүн салынган финансылык сан-

кциялар жана туумдар төмөндөгү көлөмдөрдө жана учурларда эсептен чыга-

рылат:

1) салынган финансылык санкциялар жана туумдар 100 пайыз - камсыз-

дандыруу акылары боюнча негизги карызды 2008-жылдын 1-октябрына чейинки

мөөнөттө акчалай гана түрдө толук жойгондо;

2) салынган финансылык санкциялар жана туумдар 50 пайыз - камсыз-

дандыруу акылары боюнча негизги карызды 2008-жылдын 31-декабрына чейин-

ки мөөнөттө акчалай гана түрдө толук жойгондо;

3) дыйкан (фермер) чарбаларына, айыл чарба продукцияларын кайра

иштетүүчү ишканаларга камсыздандыруу акылары боюнча негизги карызды

2009-жылдын 1-январына чейинки мөөнөттө акчалай гана түрдө толук жой-

гондо финансылык санкциялар жана туумдар 100 пайыз көлөмдө эсептен чы-

гарылат.

2. 2008-жылдын 1-январына карата камсыздандыруу акылары боюнча не-

гизги карызы болбогон камсыздандыруу акысын төлөөчүлөргө финансылык

санкциялар 100 пайыз көлөмүндө эсептен чыгарылат.

3. 2008-жылдын 1-январына карата карызы бар жана 2008-жылдын уту-

румдук төлөмдөрү боюнча карыздын жыйылышына жол берген мамлекеттик со-

циалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу акысын төлөөчүлөргө карата

ушул берененин 1-бөлүгүнүн жобосу 2008-жыл үчүн камсыздандыруу акыла-

рын, финансылык санкцияларды жана туумдарды толук төлөгөн учурда гана

колдонулат.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202396/st-2)

1. Укуктары менен милдеттерин укук мураскерлиги тартибинде башка

жактарга өткөрүп бербестен өзүн өзү жойгон ишканалардын, уюмдардын,

колхоз/совхоздордун финансылык санкциялар жана туумдар боюнча кайтарыл-

бас дебитордук карыздары эсептен чыгарылсын.

2. Банкрот болуу процессин Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду-

на карызын жойбостон аяктаган камсыздандыруу акысын төлөөчүлөрдүн фи-

нансылык санкциялар жана туумдар боюнча кайтарылбас дебитордук карызда-

ры эсептен чыгарылсын.

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202396/st-3)

1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана

2009-жылдын 1-январына чейин колдонууда болот.

2. Камсыздандыруу акыларын кечиктирип жана (же) толук эмес төлө-

гөндүгү үчүн салынган финансылык санкцияларды жана туумдарды төлөөдөн

камсыздандыруу акысын төлөөчүлөрдү бошотууга карата 2009-жылдын 1-янва-

рынан тартып 5 жылдык мораторий күчүнө кирет.

3. Төмөндөгүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- "Камсыздандыруу акыларын төлөөчүлөрдү камсыздандыруу акыларын өз

убагында жана/же толук төлөбөгөндүк үчүн кошуп эсептелген каржы санкци-

яларын төлөөдөн бошотуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз

Республикасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы, 2001-ж., № 8, 302-ст.);

- "Камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөрдү камсыздандыруу төгүмдө-

рүн өз убагында жана/же толук төлөбөгөндүгү үчүн кошуп эсептелген фи-

нансы санкцияларын жана туумдарын төлөөдөн бошотуу жөнүндө" Кыргыз Рес-

публикасынын Мыйзамы ("Эркинтоо" гезити, 2007-жыл, 7-август, 56).

Кыргыз Республикасынын

Президенти К.Бакиев
