# КР 2008-жылдын 28-июлундагы № 180 "Кыргыз Республикасынын 2008-жылга республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 28-июлундагы № 180 "Кыргыз Республикасынын 2008-жылга республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 180
- Кабыл алынган күнү: 28.07.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202394>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3823/edition/466019/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202394.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2008-жылдын 28-июлундагы № 180 "Кыргыз Республикасынын 2008-жылга республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Мыйзамы (28.07.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202394

---

Бишкек шаары

2008-жылдын 28-июлу № 180

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

"Кыргыз Республикасынын 2008-жылга республикалык

бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына

өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу

2008-жылдын 26-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењеши тарабынан кабыл алынган

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202394/st-1)

"Кыргыз Республикасынын 2008-жылга республикалык бюджети жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркинтоо" газетасы, 2008-жылдын

21-марты, № 21) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1. 1-беренеде:

1-бөлүктөгү "36842464,6", "43099306,2", "2731474,9" деген цифралар

тиешелүү түрдө "39187580,5", "45475175,0", "2910892,6" деген цифраларга

алмаштырылсын;

2-бөлүктөгү "3525366,7", "2731474,9" деген цифралар тиешелүү түрдө

"3376701,9", "2910892,6" деген цифраларга алмаштырылсын;

3-бөлүктөгү "3525366,7" деген цифралар "3376701,9" деген цифралар-

га алмаштырылсын.

2. 5-беренедеги "3743034,1", "5161818,2" деген цифралар тиешелүү

түрдө "3885579,1", "5012584,5" деген цифраларга алмаштырылсын.

3. 9-беренде:

"социалдык коргоо" деген сөздөр "социалдык өнүктүрүү" деген сөз-

дөргө алмаштырылсын;

берене "бюджеттик уюмдардын" деген сөздөрдөн кийин ", альтернатив-

дик кызмат (аскерден тышкары) өтөп жаткан кызматчылардын" деген сөздөр

менен толукталсын;

"жардамы жана" деген сөздөр "жардамдарды," деген сөздөргө алмашты-

рылсын;

беренедеги "тартылып келген гранттарды" деген сөздөрдөн кийин ",

мамлекеттик бересе каражаттар боюнча карызды жоюу үчүн которулган акча-

лай түшүүлөрдүн суммасынан чыгарылуучу каражаттарды, ошондой эле Кыргыз

Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган атайын каражаттардын тизме-

гин" деген сөздөр менен толукталсын.

4. 13-беренедеги "447418,1" деген цифралар "544654,5" деген цифра-

ларга алмаштырылсын.

5. 16-беренедеги "3185780,9" деген цифралар "3213874,8" деген циф-

раларга алмаштырылсын.

6. N 1, 1-1, 1-2, 2, 2-1, 3, 4 жана 5-тиркемелер ушул Мыйзамдын N

1, 1-1, 1-2, 2, 2-1, 3, 4 жана 5-тиркемелерине ылайык редакцияда берил-

син.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202394/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
